Нарын облусундагы Арпа, Ак-Сай өрөөндөрүндө эс алуучулар көп болуп, ооругандар да бар. Бул тууралуу жергиликтүү активисттер кабарлашты.
Алардын маалыматында, Ат-Башы районунун башчысы Нурбек Сатаров Арпа, Ак-Сай өрөөнүн кыдырып, элдин абалы менен таанышып кайткан. Ал жакта шаарлардан келген эс алуучулардын саны арбын болгондугуна байланыштуу жеринде ооруп жаткандар дагы бар.
Район акими Нурбек Сатаров болуп жаткан кырдаалды көзөмөлдөө максатында атайын медициналык топ түзүп, жеринде кыдырып, элдин саламаттыгын текшерип келүүгө атайын тиешелүү адамдарды жөнөттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн