Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Арслан Койчиев: “Өнүгүүнүн конкреттүү пландары иштелип чыгууда”

09.04.2021 23:55
970
Арслан Койчиев: “Өнүгүүнүн конкреттүү пландары иштелип чыгууда”


- Арслан мырза, сизди тажрыйбалуу журналист, тарыхчы, жазуучу катары билебиз. Учурда президентке кеңешчи, спичрайтер болуп иштеп атасыз. Чыгармачылыктан оолактап, мамлекеттик кызматка иштөөнүн маңызына токтоло кетсеңиз?


- Ата журт алдындагы милдетим катары эсептегенден улам, президенттин кеңешчиси, спичрайтери болууга макулдугумду бердим. Бийликти сындоо оңой, колкабыш кылуу оор. Мамлекет тарыхтын бурулуш учуруна кептелди. Жоопкерчиликти алгандардын мойнунда татаал, бирок сыймыктуу миссия турат. Алардын ошол миссияны аркалашына көмөк көрсөтүүнү туура таптым.


- Отуз жылдан бери бийликтегилер Кыргызстанды өнүктүрүүнүн ар кандай моделдерин айтып келишти. Тилекке каршы, мамлекет артка кетип, коррупцияга батып, саздан чыга албай отурабыз. Канткенде элибиздин жашоосун оңдой алабыз? Алдыга карай үмүт, план, программа барбы?


- Биринчи кезекте өлкөгө туруктуулук, тынчтык керек. Өнүгүүнү камсыздоонун эң негизги шарты ушул. Өңгөнү кой, өзүбүздүн эле отуз жылдык тажрыйбабыз ушуга далил болду го. Программалар жайына келсек, президенттин алгачкы жарлыктары жакынкы келечектеги ориентирлерди аныктады. Эми аларды деталдаштырып, өнүгүүнүн конкреттүү план-программалары иштелип чыгууда.


- Мурдагы бийликтердин учурунда инвесторлорду кордогон, жергиликтүү тургундар тарабынан ишканалары өрттөнгөн көрүнүштөр арбын болду. Бул жаатта эми өзгөрүүлөр барбы? Инвестицияны тартууда элге дагы пайдалуу шарттарды камтыган, деги эле ортодогу алтын сызыкты табууга мүмкүнбү?


- Инвесторлорду кордоо жакшы эмес. Талаш-тартышы болсо мыйзам талаасында чечкенди үйрөнүшүбүз керек. 


- Жакында эле сиздин “Мисмилдирик” деп аталган чыгармаңызга карата орус басылмасы сын жазыптыр. Негизи мындай сыпаттоо эмнеге байланыштуу болушу мүмкүн?


- Ал роман орус тилине оодарыла элек. Чала-була кыргызча билген киши деле анын мазмунун түшүнүшү арсар. Бирөөлөрдөн сын жазууга заказ түшсө керек. Аны ким жазганын, кимдер менен байланышы бар экендигин деле билдим. Кыскасы, кыргыздын ыркын кетирип, өз ара чабыштырууга багытталган макала.

 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн