Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Арслан Койчиевдин жаңы чыгармасы түрк тилинде жарык көрдү

20.09.2021 09:03
13140
Арслан Койчиевдин жаңы чыгармасы түрк тилинде жарык көрдү

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Евразия жазуучулар бирлиги кыргызстандык жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин жаңы чыгармасынын бет ачарын өткөрдү.


Кыргызстандык жазуучунун "Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси" аттуу чыгармасы оболу түрк тилинде жарык көрдү. Кыргыз тилинде китеп болуп жарыялана элек. Уюмдун төрагасы Якуб Омероглу кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилине которуу аракеттери жанданганын кубаттап, Арслан Койчиевге Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөлүгүн тапшырды.


Түркиядагы Евразия жазуучулар бирлиги түрк тилдүү мамлекеттердин адабиятын, тарыхын, маданиятын жайылтуу багытында иш алып барып жүрөт.


Булак: "Азаттык" үналгысы



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн