Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Арслан Койчиевдин жаңы чыгармасы жарык көрдү

06.04.2021 09:35
998
Арслан Койчиевдин жаңы чыгармасы жарык көрдү


Жазуучу, тарыхчы Арслан Койчиев Капай уулунун дагы бир чыгармасы жарык көрдү. Бул тууралуу Койчиев өзү кабарлады.


Анын бул чыгармасынын аталышы "Тагдыр жөнүндөгү ыр" (Ара жолдо калган жоокердин окуясы" деп ататлат. Китеп "Нуска" китеп дүкөнүндө сатыкка чыкты.


Автор чыгарманын башталышы тууралуу мындайча жазат:

I

Орус менен кыргызды айра таанып айырмалайм деп эзели башы оорубаган, бу кең ааламда “кыргыз” деген эл болорунан кыпындай да кабары жок мынабу дүйнө капар Розенберг кыштагынын жайнаган жай тургундарынын көзүнө жөн эле бир сөлпөйгөн орус болуп көрүнгөн, согуштан кийин мекенине тирүү кайтуудан өлгүдөй коркуп, коркконунан мында корголоп калып калган мусаапыр орус болуп таанылган, ошентип, каркайып карыганынча качкан-безген орустун эсебинде жүргөн кайран М…, азан чакыргандагы аты мындагы немистердин тилин туурасынан чайнатып, айтууга келбегенден ал арада “Маркус” деп да атыгып кеткен кайран гана М… ашык-кеми жок, туптуура элүү жыл сегиз айдан кийин айланып барып киндик каны тамган журтун акыры көз жайнатып бир көрүүнүн, атыр жыттуу абасын кана жутуп, кабарсыз кеткени катыш байланышы үзүлгөн урук-туугандарын таап, бир көрүнүп келип, анан гана армансыз өлүүнүн кам-чомун жеп жатты. Эки күндөн кийин ал жер түбүндөгү жергесине – кыргыздардын жерине аттанат!"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн