Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Арслан Койчиевдин жаңы китеби жарык көрөт

22.03.2021 22:41
936
Арслан Койчиевдин жаңы китеби жарык көрөт

КРнын президентинин кеңешчиси, жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин жаңы китеби жарык көргөнү турат. Бул тууралуу жазуучу Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, анын чыгармасы  толугу менен ушул жумада жарык көрөт. Чыгарма "Тагдыр жөнүндөгү ыр" (Ара жолдо калган жоокердин окуясы) деп аталат.


"Ж. М-нын жана анын тагдырлаштарынын арбагына арнадым 

  I

     Орус менен кыргызды айра таанып айырмалайм деп эзели башы оорубаган, бу кең ааламда “кыргыз” деген эл болорунан кыпындай да кабары жок мынабу дүйнө капар Розенберг кыштагынын жайнаган жай тургундарынын көзүнө жөн эле бир сөлпөйгөн орус болуп көрүнгөн, согуштан кийин мекенине тирүү кайтуудан өлгүдөй коркуп, коркконунан мында корголоп калып калган мусаапыр орус болуп таанылган, ошентип, каркайып карыганынча качкан-безген орустун эсебинде жүргөн кайран М..., азан чакыргандагы аты мындагы немистердин тилин туурасынан чайнатып, айтууга келбегенден аларада “Маркус” деп да атыгып кеткен кайран гана М... ашык-кеми жок, туптуура элүү жыл сегиз айдан кийин айланып барып киндик каны тамган журтун акыры көз жайнатып бир көрүүнүн, атыр жыттуу абасын кана жутуп, кабарсыз кеткени катыш-байланышы үзүлгөн урук-туугандарын таап, бир көрүнүп келип, анан гана армансыз өлүүнүн кам-чомун жеп жатты. Эки күндөн кийин ал жер түбүндөгү жергесине - кыргыздардын жерине аттанат!",- деп үзүндү калтырган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн