«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевдин үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Сартбаев Жазык кодексинин 313-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка шектелүүдө.
«Сартбаев тарабынан интернетке жарыяланган билдирүүдө региондор ортосундагы кастыкты козутуу белгилери бар же жок экенин аныктоо боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды», - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (1)