Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Арстан Алай табылып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

15.12.2023 17:36
324
Арстан Алай табылып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди


15-декабрда УКМК кызматкерлери Арстанбек Бейшеналиевич Абдылдаевди («Арстан Алай» атыккан) диний кастыкты козуткан деп кармашкан. Бул тууралуу мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.


Ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн (диний кастыкты/аразчылыкты козутуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.


Кармалган жарандын Facebook, Instagram жана Youtube социалдык түйүндөрүндө, китептеринде жана брошюраларында диний жана диндер аралык кастыкты козутууга, ошондой эле жарандардын динчилдигине карата инсандыгын пропагандалоого багытталган чакырыктар камтылгандыгы тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон.


«Ал өзүн «Жаңы Кудай», «Куткаруучу» деп эсептейт жана башка диндерди, ишенимдерди жана көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берет», - деп билдирет УКМК.


Мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жашаган жеринде тинтүү жүргүзүп, Чүй облусунун аймагында лекцияларды (мантра деп аталган) өткөрүүнүн натыйжасында адабияттарды (китептер, брошюралар жана дептерлер), компьютер жана флешкаларды алып кетишкен.


Абдылдаев УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.


Белгилей кетсек, Арстан Алайдын жакындары анын дайынсыз жоголгонун 14-декабрда билдиришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн