Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү (видео)

05.01.2024 21:44
2622
Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү (видео)


Кыргыз коомчулугунда “Арстан Алай” деген каймана ысым менен таанылган Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү түрдүү талкууларга жем таштады. Маркумдун өзүнүн өмүрүнө кол салганынан шек санап, бул кейиштүү окуяны түрдүү божомолдоп, ага саясый боёк сүрткөнгө аракет жасагандар да чыкты. Ал эми ЭлТР даярдаган тасмада Арстанбек Абдылдаевдин өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү чагылдырылган. Анда Арстан Алай абактагы ооруканага жаткырылып, дарыланып жатканы көрүнүп турат. Ал бөлмөсүндө жалгыз жатат, оорукананын коридорунда ары-бери басып жүрөт. 


Андан соң ашканага барып электр чайнегинин шнурун үзүп, койнуна катып келген. Аны полотенцага туташтырып, асынганга ылайык сыйыртмак даярдаганы байкалат. Даяр болгон жипти алып, коридор аркылуу ашканага чыгып баратканы тартылган. 


Албетте, бул окуяны тиешелүү органдар иликтеп, жыйынтыгын жарыялашат. Ага чейин өлүмдөн кынтык издеп, дүрбөлөң түшүүдөн алыс болгонубуз оң.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн