Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Арстан Алайдын акыркы сааттары тартылган тасманын толук версиясы тарады

06.01.2024 14:16
612
Арстан Алайдын акыркы сааттары тартылган тасманын толук версиясы тарады


Социалдык тармактарда 4-январдан 5-январга караган түнү №31 колонияда тартылган видеотасмаларды таратылып жатат. Кыязы, бул кадрлар Арстан Алайдын өмүрүнүн акыркы сааттарын чагылдырат. Видеокөзөмөл камераларын ким таратканы белгисиз, бирок аны анонимдүү булактар ​​таркатууда.


Белгилей кетсек, социалдык тармактарда бир эле видеонун эки версиясы тарап жатат. Негизги айырмасы - кошумча кадрлар.


Эске сала кетсек, Арстан Алайга КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси “Диний кастыкты (аразчылык) козутуу” боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин козгоого Абдылдаевдин соцтармактарындагы баракчаларында, ошондой эле анын китептеринде жана брошюраларында диний жана диндер аралык кастыкты козутууга жана динчилдиктин негизинде жарандардын инсандыгын пропагандалоого багытталган чакырыктар бар деген маалыматтар негиз болгон.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн