Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:21
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Арстанбаптагы эс алуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (фото)

10.07.2020 16:20
985
Арстанбаптагы эс алуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (фото)

 

Базар-Коргон РИИБи тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу багытында иш пландар түзүлүп, анын алкагында бир топ текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.


Район аймагында жайгашкан Арстанбап жергесиндеги эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери түшүндүрүү жумуштарын алып барышты. Алар эс алуучу жана тамактануучу, эт сатуучу жайларды, базарларды, аттракциондорду кыдырып, санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алышты.


Сатуучуларга кардарлар менен иштешүүдө аралыкты сактап, кол алышып жана кучакташып учурашпоо керектиги айтылды. Аттракцион иштеткендерге убагында дезинфикциялоо жумуштарын жүргүзүү зарылдыгы эскертилди.


Тиешелүү кызматтар менен биргеликте эс алуучу жайга кирип-чыккан ар бир унаа дезинфекциядан өткөрүлүүдө. Келген конокторду ташып иштеген автоунаа айдоочуларына бет кабы жокторду унаага салбоо керектиги билдирилди. Ошондой эле өздөрү санитардык нормаларды жана жеке гигиеналык эрежелерди кармануу зарылдыгы жеткирилди.


Милиция кызматкерлери эс алууга келген жана жергиликтүү жашоочуларды медициналык талаптарды так сактоого жана сууга түшүүдө этият болууга чакырышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн