Бугу 15, 2024
Убакыт: 12:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн комиссия түзүлдү

05.01.2024 16:31
398
Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн комиссия түзүлдү


Молдовановка айылындагы №31 дарылоо-түзөтүүчү мекемеде көз жумган Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн комиссия түзүлгөнүн Юстиция министрлиги билдирди.


"Комиссия бардык материалдарды карап жатат. Видокамералардагы жазуулар да текшерилүүдө, аларда Абдылдаевдин жан кыюунун белгилери байкалган аракеттерин көрүүгө болот. Материалдардын баары тиешелүү субъектилер тарабынан тыкыр каралып чыгат", — деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, коомчулукта Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон Абдылдаевдин каза тапканы бүгүн белгилүү болду. Жаза аткаруу кызматы ал өз өмүрүнө кол салып көз жумганын айтты.


Белгилей кетсек, Абдылдаев узаган жылдын 15-декабрында диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып УКМКнын Чүй облусу боюнча бөлүмү тарабынан камакка алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн