Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:33
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Арстанды багындырган аял, же күйөөсүнүн сүйүүсү үчүн күрөшүү

03.10.2024 12:15
909
Арстанды багындырган аял, же күйөөсүнүн сүйүүсү үчүн күрөшүү


Күндөрдүн биринде аалымга бир аял келип, күйөөсү өзүнөн башканы сүйбөй, анын гана сөзүн уга тургандай кылып, чөптөрдөн дары жасап беришин суранат. Аалым:


- Макул, жасап берейин, - дейт. 


- Чын элеби? - дейт аял ишенбегендей.


- Ооба, бирок ал дарыны жасаш үчүн мага бир нерсе керек.


- Эмне?


- Мага тирүү арстандын жалындагы кылынан алып келишиң керек, - дейт акылман.


- Мен аны кайдан табам? Тирүү арстандын жалынын кылын кантип алам? Өлүк арстандан болсо алып келмекмин.


- Жок, тирүү арстандыкын гана алып келишиң керек.


- Макул, алып келгенге аракет кылам.

Аял күйөөсү өзүн гана сүйөрүн аябай каалагандыктан, мергенчилерге барат да: 


- Арстандын жалынан кылды кантип алууга болот? - деп сурайт.


- Арстан адамды жанына жакын жолотпойт. Кылды арстандын курсагы ток кезинде гана алса болот, - дешет алар бир ооздон. 


Аял аракет кылып көрүүнү чечет. Мергенчилерден арстандар жүрчү жерлерди билип, эт сатып алып, токойго жөнөптүр. Күткөн арстандарга кезигип, эттен аз-аздан ыргытып бере баштайт. Ал ар бир күнү ушундай эт берүүсүн уланткан экен. Арстан да аялдын курсагын тойгузарын сезип, ага көнө баштаптыр. Экөөнүн аралыгы күндөн-күнгө жакындай берет. Аял акыры бир күнү арстандын жанына барып, жалын колу менен сылайт. Арстан каршылык көрсөтпөйт. Ошол убакыттан пайдаланып, аял арстандын жалынан бир тутам кыл кесип алып, артка карай жөнөптүр. Аял аалымга келип, “мынакей, алып келдим” деп колундагы арстандын бир тутам кылын аалымга сунат.


- Баракелде! Кана, мага айтып берчи, кандай айла менен алып келдиң? – дейт сурайт аалым.

Аял болгон окуянын баарын айтып берет. 


- Мен арстандын мүнөзүн, адаттарын, өзүн кантип алып жүрөрүн – баарын үйрөнүп чыктым. Мен ага аяр мамиле кылдым... Анан мен ага жакындоонун эң жакшы ыкмасын таптым, - дейт. 


Анда окумуштуу жылмайып: 


- Эми үйүңө бар да, ушул ыкманы күйөөңө колдон! Бирок ал арстандай жырткыч эмес, ал сени жебейт, - дейт акылман. 


Мындан улам, “Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет”, “Жылуу-жылуу сүйлөсөң, жылан да чыгат ийинден” деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек...


Белгисиз автор  

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн