Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 06:52
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Артем Новиков 14 жашка чейинки балдардын ден соолугуна өзгөчө кам көрүүнү тапшырды

18.02.2021 11:27
474
Артем Новиков 14 жашка чейинки балдардын ден соолугуна өзгөчө кам көрүүнү тапшырды

Вице премьер-министр Артем Новиков бүгүн, 18-февралда мамлекеттик тийиштүү органдарга 14 жашка чейинки балдардын саламаттыгын көзөмөлгө алууну тапшырды. Бул тууралуу  өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка  ылайык, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Бишкек мэриясы жана Билим берүү, илим министрлиги менен чогуу бала бакчаларга, мектептерге барып, билим алып жаткан балдардын саламаттыгын текшерип, оорунун белгилери билинсе коронавируска карата ПЧР анализ алуу планы иштелип чыгышы керек.


Артем Новиков балдар арасында сасык тумоо, пневмония жана Кавасаки синдромуна окшош оорулардын көбөйүүсү коомчулукта кооптонууларды жаратып жатканын баса белгиледи.


"14 жашка чейинки балдар боюнча медициналык маалымат кампасын чогултуп, күнүгө сасык тумоо менен пневмониянын эсебин алып туруш керек. Менчиктин кайсы түрүнө карабай, бардык билим берүүчү мекемелер ар бир бала тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Мектеп жана мектепке чейинки мекемелер азыр жарым жартылай аралыктан иштеп жатат, COVID-19 вирусуна толук кандуу анализ жасалмайын аларды жапырт ачуу тууралуу сөз кыла албайбыз", -деди Артём Новиков.


Ошондой эле вице премьер-министр балдарды сасык тумоого каршы ыктыярдуу эмдөөнү уюштурууну мамлекеттик жана менчик медициналык мекемелер аткарышы керек деди.


Кыргызстанда январь, февраль айларында пневмония, сасык тумоо менен ооруган балдар көбөйгөн. Акыркы маалыматтар боюнча Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 150дөн ашуун бала пневмония менен ооруп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн