Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Артем Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышты

05.12.2020 14:42
381
Артем Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин видеоконференция режиминде өткөн кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Артем Новиков өз сөзүндө пандемиядан кийинки мезгилде ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн экономикасынын мындан ары өнүгүшү кабыл алына турган чаралардан жана алардын туруктуулугунан түздөн-түз көз каранды экендигин белгиледи.


«Өлкөлөр тарабынан болуп көрбөгөндөй чаралар жана чектөөлөр менен кабыл алынган аргасыз «кулпулоонун» кесепеттери бизди күч менен 4 даражадагы эркиндиктин чектелишине жана соода менен инвестициялардын олуттуу кыскарышына, ишкердүүлүктүн төмөндөшүнө жана өндүрүштүн төмөндөшүнө алып келет. Пандемиядан кийин дүйнө мурдагыдай болбой турганы айдан ачык, ошондуктан глобалдык жана ички чакырыктарга биздин мамилебиз учур талабын эске алуу менен оңдолушу керек», - деп белгиледи Премьер-министрдин м.а.


«Өнүгүүнү прогрессивдүү сценарийи жана интеграцияны тереңдетүү боюнча жаңы чечимдерди иштеп чыгуу керек. Жакынкы 5 жылга интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктаган Биримдиктин 2025-жылга чейинки Стратегиясын ишке ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикасын чыңдап, бирликтин дүйнөлүк аренада кадыр-баркын көтөрүү менен эл аралык кызматташтыктын чектерин кеңейтет. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана алдыга коюлган максаттарга жетип, дүйнөлүк кризистен чыгууга болот».

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн