Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:29
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Артем Новиков Кайыңдыдагы металлды кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты

28.11.2020 10:30
577
Артем Новиков Кайыңдыдагы металлды кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу ч биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Чүй облусундагы иш сапарында
Кайыңды шаарындагы «Металл-Кен» ЖЧКнын негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүргөн жана кайра иштеткен заводдун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.




«Бүгүнкү күндө ишкана ачылууга толугу менен даяр, бирок коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аны ишке киргизүү кийинкиге калтырылды. Быйыл өндүрүштү ишке киргизүүнү пландалып, бирок COVID-19 пандемиясы өзгөртүүлөрдү киргизгенин билемин. Ишкана 2021-жылдын биринчи кварталында ишке кирет деп ишенем. Кытай Эл Республикасынан буйрутмага берилген керектүү жабдууларды жана заводдун жумушчуларын окутуу үчүн адистерди өлкөгө алып келе албай жатканыңыздар менен кабарым бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселени ыкчам чечүүгө жардам берет. Тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилет», - деди Артем Новиков.


Өндүрүшкө салынган инвестициянын жалпы көлөмү 50 миллион АКШ долларын түзөт. Завод толук өндүрүштүк циклге ээ жана металл прокатынын түрүн чыгарат: арматуранын бардык түрлөрү жана сапаттуу металл буюмдары. Өндүрүштүн жылдык пландаштырылган көлөмү 200 миң тоннадан ашык болоттон жасалган буюмдар түзөт.

Өндүрүштүн жылдык пландаштырылган көлөмү 200 миң тоннадан ашык болоттон жасалган буюмдарды түзөт.

Заводдо 500гө жакын адам иштейт, анын ичинен 200дөн ашууну Кайыңды шаарынын жана жакынкы калктуу конуштардын тургундары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн