Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Артем Новиков Кыргызстанга жаңычылдык алып келеби?

07.12.2020 10:40
1056
Артем Новиков Кыргызстанга жаңычылдык алып келеби?


Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкер катары аттанып кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин аткаруу ыйгарым укуктары биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго жүктөлгөн. Андан бери бир айга жетпеген убакыт өттү. Ошол арзыбаган убакыт ичинде эле Новиков өз өлкөсү үчүн ак ниеттүүлүк менен иштеп бере ала турган күжүрмөн жетекчи экенин далилдей алды. 


Ал өзүнүн премьер-министр катары биринчи иш сапарын Чүй облусун кыдыруу менен баштады. Кайыңды шаарындагы «Металл-Кен» ЖЧКсынын, «Кайыңды-Кант» заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Кара-Балта тоо-кен комбинатында да болду. Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге да барды. Мындан сырткары Бажы тармагынын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн «Чалдовар» көзөмөл өткөрүү пунктунда да болду. Ал жактан Новиков салык кызматын катуу сынга алды. Себеби, 15-ноябрга чейинки мөөнөт менен бул кызматка товарлардын учетун алуунун пилоттук системасын киргизүү тапшырмасы берилген эле. Бирок, жабдуулар али орнотулбаган экен. Бардык техника коробка ичинде гана сакталып келген. 


5-декабрда Артем мырза Нарын облусуна иш сапар жасады. Ал жактан да бажы тармагынын ишмердүүлүгн байкоо үчүн «Торугарт», «Иркештам» көзөмөл  өткөрүү пунктарында болду. «Торугарт» пунктуна барганда ал акыркы эки айдан бери карай кытай тарап менен чек арадан транспорттук каражаттарды өткөрүүнүн көлөмүн көбөйтүү багытында сүйлөшүүлөр жүрүп, ал натыйжалуу болгонун билдирди. Ошол эле жерден ал профилдик мамлекеттик органдардын жетекчилери менен чогулуш да өткөрдү. Чогулушта бир жуманын ичинде жүктөрдү өткөрүү, дезинфекциялоо, товарларды жайгаштыруу, электрондук коштоочу документтерди оформить этүү сыяктуу иштердин бирдиктүү алгоритмин аныктоо тапшырмасын берди. Мындан сырткары Мамлекеттик бажы кызматына товарлардын кыймылын каттоого алуунун автоматизациясы боюнча бирдиктүү концепция иштеп чыгуу тапшырылды. 


Артем Новиков Нарын облусунда бажы тармагынан сырткары мал чарбачылыгы боюнча жеке чарбаларга да барып, алардын көйгөйлөрүн чечип берүү боюнча тапшырмаларды берди. Андан сырткары инфекциялык оорукананын курулушу менен таанышты. 


Артем мырзанын Чүй облусун кыдырууда көк бөрү оюнуна барып, анда бул өтүп жаткан көк бөрү оюну бир гана Чүй облусунун райондорун бириктирүүчү эмес, жалпы Кыргызстанды бириктирүүчү элементтердин бири экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошорубузга бекем ишенерин да айтып кетти. Баарынан көңүлгө жакканы анын башына ак калпак кийип, эл менен учурашуусун кыргыз тилинде сүйлөгөнү болду. Бул анын Кыргызстанды, кыргыз элин, жерин сүйө турганынын далили болуп турат. Кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын урматтай турганын көрсөттү. Ошону менен катар эле өкмөт башчысы катары иштин көзүн биле турганын, кабинетинде эле камалып отура бербестен, маанилүү иштерди жеринде барып текшерип, өз көзү менен көрүп иш кыла турганын тастыктады. Эми ал 7-9-декабрда Ош жана Баткен облустарын кыдырмакчы. Бүгүнкүдөй оор кырдаалда элибизге, мамлекетибизге дал ушул Новиковдой шайдоот, күжүрмөн жетекчи керек. Ал кыргыздын бир топ тыңчыкмаларына караганда өзүнүн патриот экенин жана мыктылыгын далилдеп отурат.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Суйун Жумашева.
Азамат Артем Новиков озунун ишин жакшы иштер жакшы саамалыктар менен баштады.Озунун билимин жаштык жигердуклугун эмгекчилдигин Кыргызстандыктардын осуп онугушу учун жумшап жатканы абдан жакшы .Ал ишти ийгиликтуу алып кете алса элдин жашоо турмушун ондосо жакшы жанылыктарды алып келсе Кыргызстандыктар созсуз колдойт. Улуту ким болсо да эл учун иштесе эл анын эмгегин баалайт.Кийин да Прьемер Министр жок дегенде 1-Вице Прьемер Министр болуп иштоого татыктуу болот.
Таа
Ейфорияга берилбей тура тургула.Дароо еле мактап кирбей
Нурлан
Мага кыргызча суйлоп ачканы жакты бул кыргыз улутун сыйлагандык .