Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Артем Новиков Ош шаарында бизнес өкүлдөрү менен долбоорлорду талкуулоодо (видео)

11.08.2021 12:33
429
Артем Новиков Ош шаарында бизнес өкүлдөрү менен долбоорлорду талкуулоодо (видео)

Бүгүн, 11-августта Ош шаарында Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиковдун Ош шаарынын жана Ош облусунун бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабаралады.


Иш -чарага Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов дагы катышып, ишкерлерди шаардагы бир катар келечектүү долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга үндөдү.


"Биздин Ош шаарыбызга келгениңизге чоң рахмат. Сизге жемиштүү иштөөнү каалайм. Менин дагы социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бир катар сунуштарым бар. Биринчиден, бул ипотекалык турак жай, жаш ишкерлердин стартаптарын колдоо. Ош шаарындагы курч көйгөй - коомдук транспортту модернизациялоо. Мен бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн бул багытта кызматташууга чакырам. Биз сиздерге шаарды айланып өтүүчү даяр маршруттарды берүүгө даярбыз, газ жабдуулары боюнча автобустарды киргизүүнү кароого даярбыз. Биз биргеликте шаар калкына сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча долбоорду ишке ашыра алмакпыз », - деди Мамбетов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн