Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:00
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Артем Новиков Ош жана Баткен облусуна иш сапары менен барат

06.12.2020 15:16
573
Артем Новиков Ош жана Баткен облусуна иш сапары менен барат

КР премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 2020-жылдын 7-9-декабрында Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.


Артем Новиков иш сапардын алкагында өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулуш ишинин жүрүшүн көрөт.


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу ошондой эле жумушчу сапардын алкагында ушул жылдын 8-декабрында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында өтө турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин жыйынына катышат.

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Мира
Новиков Артём
Куватов Эмилбек
Артём Новиков
Ысманали
Артыйом новиков пиример министирлике татуктуу ушул шайлансын
Максатбек
Артёмду колдойм
Сабаева Жанна
Артем реальный!