Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:24
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Артем Новиков балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

30.12.2020 10:38
1558
Артем Новиков балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков туугандарынын камкордугуна алынган 7 жашар Алина жана Тимур тарбияланып жаткан үй-бүлөнүн абалынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчынын м.а. балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырды.

Бир туугандар туулгандан кийин эле энесиз калып, жарым жыл өткөн соң жол кырсыгынан атасы каза болгон. Учурда балдарды таенеси Кымбат Сарбашева тарбиялоодо.

Премьер-министрдин м.а. үй-бүлөгө чың ден-соолук, бакубаттуулукту каалады.

«Тимур жана Алина кичинесинен ата-энесиз калганы өкүнүчтүү. Ошол эле учурда сиздин күч-аракетиңизге жараша балдар теңтуштары менен катар билим алып, тарбияланууда. Сизге мээрим төгүп, татыктуу тарбия берип жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Белгилей кетсем, мамлекет тарабынан ата-эненин камкордугусуз калган балдарга, ошондой эле алардын ордун баскан жактарга карай тийиштүү көңүл буруу аракети көрүлүүдө».

Өз кезегинде балдарга камкордук көрүп жаткан Кымбат Сарбашева өкмөт башчыга ыраазычылыгын билдирди.

«Бизди жаңы жыл майрамынын алдында келип куттуктап жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Көйгөйлөрүбүз көп болгону менен кол сунган адамдар да бар, алар бизге жардам колун сунуп келет. Албетте, биз өзүбүз да кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө аракетибизди көрүп жатабыз. Быйыл балдар мектепке барды, алардын келечеги жарык болушун тилеп отурам. Ал эми өзүм алар ар тараптан калыптанган, өлкөнүн татыктуу жарандары болуп өсүшүнө колумдан келген аракетимди жумшай берем», - деди балдардын таенеси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн