Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:05
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Артём Новиков бажыдагы коррупциялык схеманын таш-талканын чыгарып жатабы?

28.12.2020 17:46
924
Артём Новиков бажыдагы коррупциялык схеманын таш-талканын чыгарып жатабы?


Акыркы кездери премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков бажы бекеттерине тынбай каттап, ал жактагы коррупция менен күрөшүүгө катуу киришти. Буга чейин чек арадагы тиешелүү органдардын ишин сынга алганда Салык кызматы күнөөнү башкага оодарып, Новиковго каяша айткан. Артём да оңой жоо эмес окшойт, башкы салыкчы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди. Эми кыңк этсе кызматтан алып коюшу толук мүмкүн.


Жакында эле today.kg сайты өз булактарына таянуу менен бажы бекеттеринде коррупция жоюлуп жатканын жазып чыкты. Анда ноябрь айында бажыдан түшкөн киреше 125,1 пайызды түзгөнү көрсөтүлгөн. “Биздин булактар билдиргендей, 2020-жылдын ноябрь айында бажыдан республикалык бюджетке 3 млрд. 026,0 млн. сом түшүшү пландалган. Бирок, иш жүзүндө бул сумма 3 млрд. 785,1 млн. сомго жеткен. Муну менен күтүлгөн суммадан ашыкча 759,1 миллион сом тушкөн”, - деп жазат аталган сайт.


Ошондой эле бул материалда бажы тармагында акыркы жолу кирген жаңы технология буга чейин айтылып келген Райымбек Матраимовдун схемасын токтоткону баяндалган.

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Таш талканын чыгарып атса Новиков