Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Артем Новиков бүгүн өрттөнгөн мектептен кабар алды

07.12.2020 16:45
1009
Артем Новиков бүгүн өрттөнгөн мектептен кабар алды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен районунун Чоң-Талаа айылында өрттөнгөн мектептен кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, бүгүн саат 8 чамасында мектеп өрттөнүп ӨКМ кызматкерлери ыкчам иш-чаралардын негизинде өрттү өчүрүшкөн.

Артем Новиков 7-декабрда Баткенге жумушчу сапары менен барып, Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунда өндүрүш ишканалары менен таанышты. Андан тышкары Кадамжайда Өзбекстан куруп берген 200 орундуу ооруканага барды. 


Артем Новиковдун облустагы сапары Лейлек районунда уланат. Ал оңдоп-түзөөдөн кийинки «Исфана» аэропортунун ачылыш аземине катышат.


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу 8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасындагы аймактардын жетекчилеринин жыйынына катышат. Жыйын Кыргызстандын өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Өзбекстандын акимдеринин деңгээлинде өтөрү күтүлүп жатат.


Мындан тышкары, Новиков Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши менен таанышып чыгары да айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн