Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 09:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Артем Новиков өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча кеңешме өткөрдү

31.12.2020 15:24
586
Артем Новиков өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен жаңы жыл майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 30-декабрында укук коргоо органдары күчөтүлгөн кызмат өтөө режимине өткөрүлөт, анын катарында маанилүү стратегиялык объектилерди жана мамлекеттик чек араларды кайтаруу күчөтүлмөкчү.


Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, Жаңы жыл алдындагы массалык майрамдоо жайларын көзөмөлдөөнү активдештирүү жана өрт коопсуздугу жана пиротехниканы пайдалануу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү зарыл.



«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кызмат өтөө учурунда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактыларына жол берилбешине өзгөчө көңүл буруу керек. Алар кызматын так, сыпайы аткарып, ар кандай чагымчылдыкка алдырбоолору зарыл", - деди
Артем Новиков.

Күч органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн