Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:55
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Артем Новиковду, Балбак Түлөбаевди сотко бергиле

04.01.2021 14:09
5315
Артем Новиковду, Балбак Түлөбаевди сотко бергиле


Силер өкмөт башчы, калаа башчысыңар, мырзалар! Илгери силердей адамдар эл багар эле. Азыр эл өзүн-өзү эле багып жатат.


Жок дегенде Бишкектин үстүндө кара туман болуп калкып турган ЫШты жок кылуу боюнча эмне иш кылып жатасыңар? Эмнеге эмдигиче бул боюнча кандай иш кылып жатканыңарды ачык айтпайсыңар?! Же колуңардан кокон келбесе муну да ачык айткыла да!


Калп эле эл кыдырган жасалма көрүнүштү, жалган мактануучулукту качан токтототосуңар?


Ыштын азабынан кимдин ден соолугу начарласа, биригип туруп эч кандай чара көрбөгөн Артем Новиковдун өзүн, өкмөттү, Бишкек мэриясын, мэр Балбак Түлөбаевдин өзүн, мэрияны сотко бергиле деп чакырам!


Аскер Сакыбаева, журналист

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Чолпон Табалдиева
Газга өткөрүш керек деп дөөрүп жаткандарын окуган жоксуңарбы. Ал эмне үйүндөгү меш беле. Газга өтсө шаардын тургундарына эле оор болот. Баары жылуулук да, свет да,ысык суу да кымбаттайт. Клооптон Новиковдун билдирүүсүн окубайсыңарбы. Жапаровду колдон жаткандар силерге сооп болот.
Бакыт
Ушуну кайсыл кыйын жазды, булардын келгенине аз эле убакыт болду. Кыйын экенсин Жеенбеков болуп турганда сен ошолорду сотко бербейт белен, же Премер м/н Мердин оорду керекболуп жатабы
Каным
Буга чейин деле бул тутун бар болчуда эмнеге мурдагы министр мэрдегилердин учурунда ушул ооругандар чогулулуп сотко бергиле деп чыккан эмессинер мээнерге жеткен эмес эмне Новиков кызматка келгени эсинерге тутун Эми келдиби
Айагыз
Эл эмне деген эл болду?Кечээ эле башка суйлоп,бугун башка...Уйлорду жылытуу ТЭЦке байлаышкан, ал жерде комур жагылат, жер уйлордо да комур, анан алардын исин,тутунун Новиков менен Балбай мырза кантип тосуп турат? Башка жылытуунун жаны технологияны иштеп чыгып, кийинки жайда бутуруу керек...
Иаа
Булар шайлоодо Жапаровду откоруп алыш менен убара азыр.Тутун куто турат