Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиковго чек арадагы чыңалууну жөнгө салууга кошкон салымы үчүн жана күч түзүмдөрүн жетиштүү түрдө координациялагандыгы үчүн кезексиз аскердик наам ыйгарылды. Бул тууралуу Новиков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Улук лейтенант наамын Артём Новиковго Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев өзү тапшырып, Новиковдун мекен үчүн кылган кызматына ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны токтотуу үчүн Артём Новиков да барган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн