Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Арзан күйүүчү май турса, кымбатына чуркаганыбыз кандай?

11.01.2021 20:26
833
Арзан күйүүчү май турса, кымбатына чуркаганыбыз кандай?


БУЛАРДЫКЫ БАШТАЛДЫ...

Бүгүн айрым депутаттар Кыргызстанга алиги 50 сомдук кымбат бензинди киргизиш керек дешип кыйкырып башташты. Өткөндө минтранс дагы алдын ала божомолдообуз боюнча күйүүчү май 15 сомго кымбатташы мүмкүн деп, анализ кылымыш болуп кулагыбызды даярдашкан. Айтмакчы, эгер ошол 50 сомдук бензин келсе Бишкек шаары ыштан арылып, айлана гүл бакчага айланат имиш. Ой аттаа! Эми ушул эмне деген шумдук! 

Андай эле сапаттуу бензин алгыбыз келсе анда эмне үчүн Казакстандын бензинин албайбыз? Бүткүл казактын азыр куюп жаткан бензини биздикине караганда 10 сомго арзан керек болсо. Ошол эле бензин Астана, Караганды, Чимкент, Алматыны ыштаган деле жок! Келгиле биз деле анда ошол майды алалы!

Менин сөзүмдү калп десеңер Кордайга эле чыгып көрсөңөр майдын баасы ит арзан! Казакстан да биз сыяктуу эле бажы биримдигинин мүчөсү. Эмне үчүн биз алардын арзан күйүүчү майын албай, Россиядан 45-50 сомдук бензинин алышыбыз керек? 

Анан дагы элдин чөнтөгүн жырта турган бул осол бизнес идеяны ЖКнын депутатынын лобби кылып жатканы эмнеси? Бул ишке катуу көңүл буруп баштайт окшойбуз..!


Шайырбек Адырахман, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн