Бугу 01, 2025
Убакыт: 16:59
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйгө Бурхановдун кандай тиешеси бар? (Видео)

27.04.2021 04:09
1342
Курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйгө Бурхановдун кандай тиешеси бар? (Видео)

Бишкекте жайгашкан жаңы курулуп жатып, курулушу токтогон көп кабаттуу үйдүн ээлери президенттин кеңешчиси Арзыбек Бурхановго нааразы. Бул тууралуу нааразы тарап  "Кактус.медиа" редакциясына билдирген.


Алардын айтымында, Бурхановдун компаниясы Бишкекте көп кабаттуу үй курабыз деп адамдардан акча алган, бирок курулуш 7 жылдан бери бүтө элек.


"Биз бул үйдүн курулушу үчүн керек делген каражатты 100 пайыз төлөп бүткөнбүз. Бирок Бурхановдун компаниясы алдап дагы деле бүтүрө элек. Эгер президенттин кеңешчиси ушунтип алдаса кимге ишенебиз. Качан бүтөт десек акча жок дейт",- деди курулушу бүтпөй калган үйдүн ээлеринин бири.


Эгер президенттин кеңешчиси Арзыбек Бурханов аталган маселе боюнча пикирин билдирсе, редакциябыздан орун берүүгө даярбыз.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн