Ички иштер министрлигинде өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен Баткен шаардык милиция бөлүмүнүн башчы болуп Нурланбек Бурканов дайындалды. Ал президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси катары таанылган Арзыбек Буркановдун бир тууган иниси.
ИИМдин жетекчисинин башка чечими менен милициянын полковниги Жеңишбек Абитов Ош облустук ИИБнын начальниги кызматына, милициянын полковниги Конокбай Өскөнбаев ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын начальниги кызматына дайындалган. Мындан башка да бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн