Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Арзыбек Кожошев 70 миң доллар пара алган кеңешчисин кызматынан бошотту

16.05.2022 18:15
812
Арзыбек Кожошев 70 миң доллар пара алган кеңешчисин кызматынан бошотту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев пара менен кармалган кеңешчисин кызматынан бошотту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


Кожошев кеңешчиси тууралуу тарап жаткан маалыматтар өзү үчүн күтпөгөн жагымсыз окуя болгондугун айтып, ыңгайсыз абалга келип олтургандыгын билдирди.


"Чынымды айтсам мага кеңешчи катары дайындалып жатканда жакшы эле карап, сураштырып анан алганмын. Бирок, тилекке каршы ушундай иштер болуп кетти. Эми кененирээк маалымат бере кетсем:


УКМК тарабынан 2022-жылдын 14-майында кармалган жаран мага өткөн айда, тагыраагы, 26-апрель күнү кеңешчи болуп дайындалган.


Кызматка дайындоо учурунда жогоруда белгилеп кеткенимдей ал тууралуу терс маалыматтар жок болчу. Болгон окуяны эске алып,аны кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алдым.


Маалым болгондой, козголгон иш 2016-жылы болуп өткөн. Өткөн иш менен бүгүнкүгө байлап, түрдүү маалыматтарды таратпооңуздарды суранам.


Бул иш менин жана министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок. Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайм. Буга чейин кандай гана кызматтарда иштесем да элим үчүн таза иштеп келем. Мындан ары да элибиз үчүн ак ниет менен чын жүрөктөн таза кызмат кылам", - деп билдирди калтырган Кожошев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн