Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Арзыбек Кожошев БАЭнин энергетика министри менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

29.03.2022 11:27
745
Арзыбек Кожошев БАЭнин энергетика министри менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 2022-жылдын 28-мартынан тарта Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Дубай (Бириккен Араб Эмираты) шаарында жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жумушчу сапардын алкагында Арзыбек Кожошев Бириккен Араб Эмиратынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.


Арзыбек Кожошев Бириккен Араб Эмиратынын энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Тактап айтканда, Арзыбек Кожошев эки өлкө ортосундагы саясий кызматташтык ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгилеп, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да чыңдалаарына ишеним билдирди.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн