Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Арзыбек Кожошев Кытай элчиси менен кыргыз-кытай өткөрмө бекеттеринен жүк ташууну көбөйтүүнү талкуулады

31.12.2021 13:46
843
Арзыбек Кожошев Кытай элчиси менен кыргыз-кытай өткөрмө бекеттеринен жүк ташууну көбөйтүүнү талкуулады


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. 


Атап айтканда, тараптар кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, кытайлык инвесторлордун өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүү жана жандандыруу, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулады.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Кыргызстандагы КЭР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь бири-бирин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн