Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Арзыгүл Галымбетованын өлүмү: Блогер Батмакан Жолболдуеваны абакта кармоо мөөнөтү узартылды

22.04.2022 10:57
365
Арзыгүл Галымбетованын өлүмү: Блогер Батмакан Жолболдуеваны абакта кармоо мөөнөтү узартылды

Ош шаардык соту 21-апрелде "Батма-Бат" Ютуб каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуеванын баш коргоо чарасын карап 26-майга чейин тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.


Маалыматка ылайык, Батмакан Жолболдуеванын ишин Баткен облустук милициясы Ош облустук милициясына өткөрүп берген.


Эске салсак, 26-мартта журналист Арзыгүл Галымбетова каза болгон. Анын өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева кармалып, алгач бир берене боюнча айып тагылган болсо бүгүнкү күндө ага карата төрт берене боюнча айып тагылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн