Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камалган блогер Батмакан Жолболдуева кан тамырын кескен

13.04.2022 10:53
453
Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камалган блогер Батмакан Жолболдуева кан тамырын кескен

Баткенде журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева 12-апрелде милициянын убактылуу кармоочу жайында өз жанын кыйууга аракет кылып, колунун тамырын кести. Бул тууралуу анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева  билдирди.


"Жолболдиева орозо кармап жаткан, бирок анын жакындарына тамак киргизүүгө уруксат бербей жатышат. Кечээ облустук сот анын бөгөт чарасын карап, абакта калтырган. Ал мага милициянын убактылуу кармоочу жайынын башчысы басым кылып жатканын айткан. Биз райондук милицияга барганда жетекчилиги жок болуп чыккан. Убактылуу кармоочу жайдын башчысына жолугуп кеткенбиз. Биз кеткенден кийин Батмакан колунун кан тамырларын кесип жибериптир. Аны ооруканага алып баргандан кийин, андан ары кайда алып кеткенин туугандары дагы, мен дагы азыр билбейм", - деди Сүйүнбаева.


Баткен облустук милициясы бул маалымат такталып жатканын айтып, азырынча комментарий бере элек.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн