Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Ас Салам” фонду Кыргызстанда 2010-жылдан бери кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет

26.08.2021 16:38
1151
“Ас Салам” фонду Кыргызстанда 2010-жылдан бери кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет

Бүгүн Бишкекте “Ас Салам” гуманитардык жана кайрымдуулук ишмердүүлүк ассоциациясы тарабынан уюштурулган социалдык жоопкерчилик боюнча масштабдуу эл аралык конгресс өттү.

Иш-чарага Кувейттин Эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун директорлор кеңешинин төрагасы, БУУнун башкы катчысынын кеңешчиси, доктор Абдулла Маатук Аль-Маатук жана Социалдык жоопкерчилик боюнча аймактык директорлор кеңешинин төрагасы, профессор Юсуф Абдель Гаффар, мындан тышкары, Кыргызстандын расмий адамдары, социалдык жоопкерчилик боюнча түрдүү уюмдардын элчилери, эл аралык фонддордун мүчөлөрү жана өнөктөштөрү, Кыргызстан жана перс булуңундагы өлкөлөрдүн илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу, дүйнөлүк көйгөйлөрдү жана пайда болгон коркунучтарды чечүүдө кыргыз коомчулугу тарабынан тилектештикти билдирүү болуп саналат.

“Ас Салам” фондунун президенти Нурмухамед Миңбаевдин айтымында, фонд түрдүү эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташат, ушуга байланыштуу бардык өнөктөштөрдү жана тилектештерди эл аралык конгресстке чогултуп, социалдык жоопкерчилик, коммуникация жана кызматташтык маселелерин талкуулоо идеясы пайда болгон. “Конгресске персид аралдарындагы өлкөлөрдөн белгилүү окумуштууларды жана эксперттерди чогулта алдык. БУУнун башкы катчысынын кеңешчиси, доктор Абдулла Маатук Аль-Маатук, социалдык жоопкерчилик боюнча аймактык тармактын директорлор кеңешинин төрагасы, профессор Юсуф Абдель Гаффар конгресстин ардактуу коноктору болушту. Бул адам коомчулук жана элдер менен иштешүүдө эбегейсиз тажрыйбага ээ.

Алар өз иштеринде лидерлер болуп саналат. Конгресс бардык тараптар социалдык жоопкерчиликтин түрдүү өңүттөрүн, ошондой эле гуманитардык жана кайрымдуулук иштеринин маселелерин талкуулай турган аянтча болду. Башкы максат – биргеликте зарыл чечимдерди кабыл алуу. Кыргызстан дагы четте калбай, процесстердин бир бөлүгү болуш керек. Биз көптөгөн көрүнүктүү окумуштууларды Бишкекке чогулта алганыбыз абдан маанилүү. Иш-чара биздин бирдиктүү ишибизди өнүктүрүүдө оң жыйынтыгын берет деп ойлойм”, - деп белгиледи ал.

Өз кезегинде конгресстин делегаттарынын алдында сөз сүйлөгөн БУУнун башкы катчысынын кеңешчиси, доктор Абдулла Маатук Аль-Маатук иш-чараны сапаттуу уюштурганы үчун кыргыз тарапка, өлкө жетекчилигине жана “Ас Салам” фондун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Нурмухамед Миңбаевге ыраазычылык билдирди.

“Бүгүнкү күндө дүйнөдө шашылыш чечимдерди талап кылган коркунучтар жана чакырыктар жетиштүү болууда. COVID-19 пандемиясы жана кургакчылык олуттуу көйгөй болууда. Дүйнөдөгү ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кувейтте 40тан ашык гуманитардык уюм жана ассоциациялар туруктуу иштеп келет. Биз мындай ишмердүүлүктү сөзсүз түрдө улантабыз жана муктаж өлкөлөргө жардам көрсөтө турган жаңы финансы институттарын ачабыз. Конгресстин ишине ийгиликтерди каалайм жана конференциянын жүрүшүндө социалдык жоопкерчиликти жакшыртуу үчүн натыйжалуу стратегия кабыл алынарына чын жүрөгүмдөн ишенем. Жемиштүү иштер үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем”,-деди Абдулла Маатук Адь-Маатук.

Социалдык жоопкерчилик боюнча регионалдык байланыштын директорлор кеңешинин төрагасы, профессор Юсуф Абдель Гаффар өзүнүн сөзүндө болуп жаткан конгресс бешинчи ирет өтүп жатканын билдирди.

“Конгресс 2014-жылы негизделген жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өткөрүлүп келүүдө. Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өнөктөштөр, демөөрчүлөр жана элчилерибиз бар. Биздин катарда ар кандай чөйрөдөгү көптөгөн илимпоздор бар. Ошондой эле конгресс БУУда расмий катталган. Бул жетишкендиктер бизди сыймыктандырат”, - дейт ал.

Ал арада, "Ас Салам" гуманитардык фондунун негиздөөчүсү Набел Х.Е.М.Альоунанын айтымында, аталган фонд Кыргызстанда 2010-жылдан бери иштейт.

“Ал эми "Ас Салам" фонддору дүйнөнүн 12 өлкөсүндө иштейт. Кыргызстандагы негизги милдетибиз — калкты ар тараптуу колдоо, жакыр катмарды реабилитациялоо, медициналык жардам жана социалдык өнүктүрүү. Бул жылдар аралыгында биз чоң жумуш жасадык. Көп сандаган жакыр жашаган адамдарды жана жетимдерди турак жай менен камсыздоого жетиштик. Медицина коомдун өнүгүшүндө чоң роль ойнойт. Бул багытта заманбап медициналык мекемелерди куруп, медициналык жабдыктар жана тез жардам унаалары менен жабдый алдык. Мындан тышкары, биз үчүн приоритеттүү багыттардын бири — жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылуу. Ушул максатта биз тигүү цехтерин, килем чыгаруучу мекемелерди, наабайканаларды, күнөсканаларды, балык өстүрүүчү көлмөлөрдү жана башкаларды ачтык. Бүгүнкү күндө ишканалар толук кубаттуулукта иштеп жатышат жана жумуштары жок адамдарды жумушка алышат. Биз заманбап билим ала турган профсоюздук борборлорду да ачып жатабыз. 2016-жылы Кувейтте беш кадамдык план кабыл алынган. Бүгүнкү күндө бул кадамдар ишке ашты. Бул учурда биз заманбап реалдуулуктарга жооп берген жаңы пландын үстүндө иштеп жатабыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады Альоуна.

Конгресстин салтанаттуу бөлүгү аяктаганда Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев сөз сүйлөдү. Ал конгресстин бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, катышуучуларга Ардак грамоталарды тапшырды. Андан кийин эксперттердин жана спикерлердин катышуусу менен сессия жана семинар болуп өттү.

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Нуриза
Менин сиздерден жардам сурасам береласынабы 9 бала бар озум иштебеймин балдарым кичине
Жылдыз
Район панфилов айылы чалдывар швейный цех ачыш керек
Махабат
салам мен мен жардамга акча сурайын дедим эле озум жалгыз бой энемин эки кызым бар чон кызым экинчи топтогу майып кысыраган кышта сууктан кыйналып жатам аквалым ото начар комурго акча керек эле алланын разчылыгы учун майып кызым учун картабызга 15000 сом которуп койсонуздар 9417719091515273 карта номерим ушул алла разы болсун сиздерге конул бурганыныздарга чон рахмат
Туракулова кундузхан Адылжанова
Ассалам Кайрымдуулук Фондунан жардам сурамакчымын +996554848099
Изатай
Ассалам фондунан жардам алсак болота муктаждар