Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Асанбек Стамовдун романдары: тарыхый жана көркөм чындык

16.11.2023 11:01
3924
Асанбек Стамовдун романдары: тарыхый жана көркөм чындык


Дүйнөлүк адабиятта тарыхый окуяларды жана инсандар ишмердигин чагылдырган көркөм чыгармалар абдан эле көп. Айталы, орус адабиятында Алексей Толстойдун “Петр I”, Валентин Пикульдун “Фаворит”, Г.Яндын “Чынгызхан”, “Батый”, И.Калашниковдун “Каар заман” ж.б. тарыхый романдары элге кеңири белгилүү. Борбор Азия өлкөлөрүнүн жазуучулары да мындай тенденциядан четте калышкан жок. Казак адабиятында Мухтар Ауэзовдун “Абай жолу”, Ильяс Есенберлиндин “Көчмөндөр”, Абдужамил Нурпеисовдун “Кан менен тер”, өзбек адабиятында Айбектин “Навои”, Чулпондун “Өткөн күндөр” тарыхый романдары жазылды. Кыргыз адабиятында Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч”, “Келкел”, “Баскын”, “Кыргын”, Түгөлбай Сыдыкбековдун “Кеңсуу”, “Көк асаба”, Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар”, Жапаркул Токтоналиевдин “Ормон Хан”, “Баатыр Шабдан”, А.Рыскуловдун “Атакенин Акболот” тарыхый романдары улуттук тарыхый роман жанрынын өнүгүшүнө зор салымдарын кошту. Булардан кийин да тарыхый темада бир катар олуттуу чыгармалар жарык көрдү.


Тарыхый роман жазуу салтын кыргыз адабиятында жазуучу Асанбек Стамов андан ары ийгиликтүү улантты. Анын “Жортуул” жана “Хан Тейиш” романдары окурмандар чөйрөсүндө да, адабий сында да учурунда өзүнүн жогорку баасын алган эле.


Эгерде Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба” тарыхый романы кыргыз элинин VII-VIII кылымдардагы Енисей дарыясынын жээгинде жашоо кечирген турмушун көркөм баяндаса, Т.Касымбеков “Сынган кылыч”, “Келкел” романдарында XVII-XIX кылымдардагы кыргыз элинин Кокон хандыгынын тушундагы жана Россия империясына каратылган мезгилиндеги турмушу көркөм баяндалат. Ал эми Асанбек Стамов жогоруда сөз болгон романдарында кыргыз турмушунун 1600-1700-жылдардагы жунгар-ойрот баскынчылырынын мезгилиндеги тарыхый окуялар көркөм сүрөттөлөт. А.Стамовдун “Жортуул” романындагы окуялар кыргыздын тарыхый турмушунун жүз элүү жыл аралыгын камтыйт. Бул доор кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүл мезгил болчу. Анткени, жунгар-ойрот баскынчылары алатоолук жана анжияндык кыргыздарды басып алып, баш көтөртпөй турган. Ошондо намысын коё бербеген кыргыздын эр азаматтары, жалпы кыргыз эли аларга каршы көтөрүлүп, өздөрүнүн боштондугу үчүн узак жана оор күрөшкө чыгышкан. Айталы, аркалык кыргыздар 1695-жылдары Анжиян, Алай, Фергана жакка ооп кеткени менен алардын башчылары Талкан бий, Эр Кошой, Эр Солтоной, Алакчын, Бердике берен Кетмен-Төбөгө көчүп келишип, калмактарга каршы бир нече жолу жүрүш жасап, аларды жүдөтүп турган. 1627-жылы кыргыздын ханы Көкүм, Манап бий, Чаа баатыр, Жарбаң баатыр болуп биринчи жолу кыргызга чабуул коюп келген калмактын Ажаан ханын өлтүрүп, калмактарды Ала-Тоонун ичинен кууп чыгышкан. Ал эми Көкүм хан менен Манап бий өлгөндөн кийин калмактар ич ара хандык талашуунун натыйжасында дагы бир кырк жылча кыргыз элине катыла албаган. Ошентип, 1665-жылы кыргыздар Көкүмдүн уулу Тейишти хан шайлашып, өзүнчө мамлекет болушат. Бирок калмактын бирдиктүү мамлекетин түзгөн Галдан Бошокту 1680-жылы Тейиш ханга кол салып, катуу талкаланат. Андан кийин экинчи жолу 1683-жылы кырк миң кошуун баштап келип, Тейиш ханды тыптыйпыл кылат. Ошол салгылашууда кыргыз ханы Тейиш, анын уулдары Аккочкор, Каңкы, Алакчын баатыр, Сүтемген, Байболот баатыр, Кожомберди баатыр өлүп, кыргыздар дээрлик кырылат да, калганы Анжиянга, Аксыга оошот. Ошого карабастан, кыргыз элинин уулдары элинин боштондук үчүн болгон күрөшүн токтотушпай, акыры жүрүп, 1758-жылы калмактарды Ата мекенинен биротоло кууп чыгышкан. А.Стамовдун “Жортуул” романында мына ушул тарыхый окуялар көркөм баяндалат. Романында автор тарыхый чындыкты бурмалабай көркөм чыгарма кылганы менен баалуу.


Романдын көркөмдүк нарк-насили абдан жогору, мында элдик ырлар, тарыхый окуялар, тарыхый личносттордун көркөм образдары ишенимдүү, реалисттик, романтикалык, фантастикалык-кереметтүүлүк планда сүрөттөлгөн. Романдын тили өтө көркөм жана кооз. Окуп жаткан адам кызыгып, башын көтөрбөйт. Сюжет кызыктуу түзүлүп, образдар окурмандын көзүнө сайгандай даана көрүнүп турат. 


А.Стамовдун “Жортуул” романы жөнүндө жазуучу Ш.Абдылдаев да чыгарманын кол жазмасы менен таанышып, алгач жылуу пикирин айткан экен. Ал буларды жазат: “Мага романдагы шарттуулук, кереметтүүлүк жакты. Мындай жаңы форма мурда кыргыз адабиятында жазыла элек болчу. Демек, романдын формасы, темасы таптакыр жаңы. Бул кыргыз адабияты үчүн бузула элек дың. Роман төрт ири главадан турат. Ар бир глава өзүнчө повесть, бүткөн чыгарма катары да окулат. Бирок ошол төрт глава бирдиктүү бир сюжетке бириктирилип, “Жортуул” романынын өзөгүн түзүп турат. Азыр китеп терилип, автор тарабынан улам оңдолуп, иштелип жаткан кези. Кудай буюрса, аталган жаңы роман келерки жылдын март айларында жарык көрүп калат деп ишенем. Кыргыз адабиятында тарыхый темада жазылган накта көркөм роман бул – Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычы”. Романдын темасы кыргыз турмушундагы XIX кылым окуяларын өзүнө камтыса, “Жортуул” ошол “Сынган кылычтан” өтүп, кыргыз адабиятында такыр иштеле элек жунгар-ойрот заманына сүңгүп кириптир. Эгерде роман жарык көрсө, кыргыз көркөм адабияты дагы жаңы бийиктикке көтөрүлөт деп эсептейм”. (Залкар инсан, кара сөз чебери: А.Стамов жөнүндө жыйнак. – Бишкек, 2018, 150-152 бб.).


А.Стамовдун “Жортуул” романы боюнча профессор К.Артыкбаевдин адабий-теориялык маанилүү пикирин келтирүү зарылдыгы бар, ал мындай деп жазат: “Тарыхый окуяларды, тарыхый инсандарды иликтөө акыры А.Стамовду тарыхый негизи бар көркөм чыгармаларды жазууга түрткү болду окшойт. Ал окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган “Жортуул” романын жаратты, роман 1992-жылы жарыкка чыкты. Бул чыгармасын автор тарыхый повесттерден турган роман деп атаган. “Автордон” деген кыскача туюндурмасында жазуучу чыгармага тарыхта болгон окуялардын жаңырыгы негиз болуп бергенин, ар бир повестти өзүнчө чыгарма түрүндө окууга боло турганын айтып келип: “Романды ушул турушунда бүткөн чыгарма катары эсептөө натуура болор”. Демек, роман жөнүндө пикир айтууда автордун бул эскертүүсүн этибарга албай коюунун өзү да жүйөсүз. 


Алды менен чыгарманын жанрдык өзгөчөлүгү жөнүндө айта кетүүгө туура келет. Адабий тажрыйбабызда мындай өз алдынча повесттерден турган романдын алгач пайда болуп жатышы деп кабыл алсак болот. Бирок ошол аракет кандайча ишке ашты? “Автордон” деген эскертүүсүндө жазуучу “Каргабай каракчы”, “Сарытай мырза”, “Жусуп адилет” повесттеринин бири бирине байланыштуу экендигин айткан. Чынында бул повесттердин өз алдынча бүткөн чыгармалар түрүндө да, бири-бирине кандайдыр байланыштыгы бар чыгармалар катары кабыл алууга да негиздер бар. “Каргабай каракчыда” баш каарман Каргабайдын өзүнүн туугандары Келдибек, Козуке менен алыскы сапардан келаткандыгы сүрөттөлөт. Жалгыз калган Каргабайга жолоочу адамдар жолугуп, алардын арасынан Абдыракман Кара жаак менен ымалалашып, бирге болуп, андан таалим алып, көп нерсени үйрөнүп, анан Абдыракманды жылан чагып, ууланып өлгөндөн кийин атасы Күчүктүн кеңеши менен Чүй жакка кетүүгө мажбур болот. Тагыраак айтканда, Абдыракман деген ат менен келип, Атаке баатырдын кызматына өтөт. Атакенин кызы Сыргага күйөөлөп келип эрдик көрсөтүп, чоң сыноодон өткөнү сүрөттөлсө, “Жусуп адилет” повестинде Абдыракман көпөстүн Атакенин эң урматтаган адамы экендигине көбүрөөк басым жасалат. Атаке баатыр 1785-жылы Петербургга (Санкт-Петербург) Абдыракман Күчүк уулун, өзүнүн багып алган баласы Шергазыны элчилик миссия менен Екатерина II падышага жиберип, алардын барып келгендиги тарыхтан белгилүү. 1756-жылы Тынай жездесине келген Абдыракмандын 29 жылдан кийин элчиликке барышынын ортосунда канча окуя өтүп, канча суулар агып кеткендигин ким билсин. Кийинки эки повестте ошол окуялардын кээ бири гана сүрөттөлүп, Атаке менен Абдыракманды бириктирип турган турмуш агымынын чындыгын бир аз элестетип жатат. Үч повестти бириктирип, байланыштырып турган сюжеттик илинчек да мына ошол Абдыракман, Атакенин кыймыл аракеттеринен улам окурманга дайын болот. Автордун “тарыхый повесттер” деген мүнөздөмөсү да ошол тарыхта болгон адамдардын көркөм образдарын элестетүүгө карата айтылган болуу керек... 


...“Жортуул” романын аяк жагындагы “Үч мээрим” аттуу чыгарманы окугандан кийин бул жомок тибиндеги баяндын кызыктуу жазылганын, окуган адамды өзүнө тарта тургандай касиетке ээ экендигин байкоо менен, бирок анын мурдагы үч повесть менен сюжет жагынан да көркөм образдардын катышуулары жагынан да эч кандай байланышы жок өзүнчө бүткөн чыгарма экенин айтууга тийишпиз. Адабий сындагы авторго коюлган айрым дооматтардын негизсиз экендигин да эскерте кетүүгө туура келет. Бул –  “Жусуп адалет” повестиндеги “Жусуп менен Зулайканын” (Библиядан бери айтылып келаткан махабат баянынын) чыгармага киргизилип калышы. Аны айрым адабиятчылар таптакыр кереги жок киринди деп эсептешти. Ал эми чындыкта, автор бул баянды Атаке, Берик олуя ж.б. болуп узак жолго чыгышкан сапарында жолду кыскартуу, эрмек болуу максатында Берик олуя тарабынан айтылган аңгеме түрүндө киргизген. Аны окуп жаткан адам артыкбаш, керексиз аңгеме катары жерибейт, тескерисинче, ошол жерге гана керектүү, кала берсе, окуучунун өзүнүн сезимин сергите турган зарыл материал катары кабыл алат”. (Жогорудагы жыйнакта, - 46-51 бб.).


К.Артыкбаев “Жортуул” романы тууралуу андан ары минтип жазат: “Автордун бул тарыхый роман-эпопеясын окуп чыгып, ал жөнундө төмөнкүдөй пикирди билдиргим келет. Роман жунгар-ойрот хандыгы кыргыз элин басып алган 150 жылдын тегерегиндеги доорду өзүнө камтыйт. Романдын темасы кыргыз көркөм адабиятында бузулбаган дың сыяктуу жаңы тема, ал көркөм дөөлөтүбүздөгү жаңы багыт. Аталган мезгилди кыргыз көркөм адабияты ушул убакка чейин көтөрө элек болчу. Демек, кыргыз эл жазуучусу А.Стамов кыргыз көркөм жазма адабиятында жазыла элек, чабыла элек жолду басып, дың бузду. Романдын көркөм деңгээли өтө бийик, стилистикасы өтө так. Жазуучу роман аркылуу кыргыз адабий тилинин деңгээлин жаңы бийиктикке көтөрө алды десем жаңылышпайм. Роман “Манас” эпопеясынын стилинде нукура кыргыз тилинде жазылган. Анда орус тилинен которулган калька сүйлөмдөр жок. Романдын каармандары бүт бойдон тарыхта, санжырада айтылып жүргөн личносттор. Алар: кыргыз-казак ханы Эр Эшим, анын уулдары Жаңгыр султан, Тооке хан, ошондой эле кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу хан атагын алып, хан шайланган личносттор Көкүм хан, Тейиш хан жана анын уулдары Аккочкор, Каңкы, кыргыздын атактуу тарыхый инсандары Манап бий, Чаа бий, Эр Кошой, Алакчын баатыр, Эр Солтоной, Бердике, Бишкек туу жыгар, Талкан бий, Байсейит баатырлар. Тактап айтканда, “Жортуулда” элүүдөн ашык тарыхый инсандын образы түзүлгөн жана ачылган. Романдын окуясы 1627-жылдан баштап 1758-жылга чейинки аралыктагы алатоолук кыргыздар жунгар-ойрот баскынчыларын Ата мекенинен кууп чыккан учур менен аяктайт. Роман совет адабиятынын реалисттик традициясынан айырмаланып, өтө көтөрүңкү, романтикалык маанайда жазылган. Мында традициялуу реализм, бийик романтизм экөө бирин-бири толуктап турса, андагы фантастикалык форма, кереметтүүлүк жана шарттуулук жаңы өзөктү, жаңы линияны ачып жүрүп отурат. Демек, автор кыргыз көркөм адабиятын жаңы мазмун, жаңы форма жана шарттуулук менен байыткан деп баса белгилейм. Бул жаңы роман кыргыз рухунун өзүнчө бир ажайып кооз дүйнөсү – мурасы болуп каларына ишенем”. (51-53 бб.).


Мында көрүнүп тургандай, А.Стамовдун “Жортуул” романы окумуштууну кайдыгер калтырбаптыр. К.Артыкбаев өз ишмердүүлүүгүндө мындай романдардын далайын окуп, далайына кенен пикир жазган адам. Башкасын айтпаганда да анын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн жазылган “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы” (1985-жыл), “XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы” (2004-жыл) деген көлөмдүү окуу китептеринде бүтүндөй улуттук адабияттын этаптуу деп эсептелген чыгармаларына адабий-теориялык анализ жасагандыгы айтпай коюуга болбойт. Баса, мында сөз болуп жаткан жазуучу А.Стамовдун “Жортуул” романы тууралуу да ошол китепте кенен маалымат, адабий-теориялык, сынчылык пикир бар.


Ошентип, К.Артыкбаев А.Стамовдун “Жортуул” романын кыргыз романистикасындагы жаңы үн, жаңы багыт катары жогору баалаган экен. Балким, чынында эле ошондойдур. Окумуштуунун мындай пикири толук болбосо да айрым маселелерде андан кийин пикир жазган авторлордун пикирлери менен дал келип турат.

Белгилүү адабий сынчы Теңдик Аскаровдун пикиринде “А.Стамовдун роман, повесть, аңгемелеринде окурмандарды куштарланткан образдык маани-маңызда, көп катмарлуу тарыхый-идеялык өзүнүн көркөм чагылуусун тапкан. Роман сынчылар, адабиятчылар тарабынан жаңы сөз, жаңы бийиктик катары бааланганы белгилүү. “Хан Тейиш” чынында эле кыргыз элинин эртеңкиси, өткөндөгүсү тууралуу көркөм энциклопедия сымал кабылданганы да ырас. Мында кыргыздардын байыртадан бери көөнөрбөй келе жаткан каада-салты, үрп-адаты, маданияты, баштан кечирген тарыхый окуялары, коңшу-колоң, эл-журт менен болгон карым-катыштары ж.б. окурмандардын көңүлүнө уюп кала тургандай көрсөтүлгөн, чыгармачылык чыныгы кумар менен чагылтылган. (Аталган жыйнакта, - 99-111 бб.). 


“Хан Тейиш” романында, айталы, кыргыздардын калмактар менен эзелтен бери согушуп, чабышып келгени тарыхый маалыматтардан, элдик эпостордон, көркөм баяндамалардан жакшы белгилүү эмеспи. Бирок ошол эле мезгилде эки элдин карапайым адамдары, акылман колбашчылары, эр жүрөк баатырлары бири-бири менен достук, жарандык мамилени түзө, кармана билишкен, кыз алып, кыз беришкен. Мына ушул өңдүү окуялар, фактылар Асанбек Стамовдун романында кенен баяндалган, ар тараптуу жана чебердик менен сүрөткө түшүрүлгөн, жогорку көркөмдүк деңгээлде чагылдырылган. 


“Хан Тейиш” романында талдалган проблемалар, андагы аракет кылган персонаждар, алардын ой-тилектери, талаш-тартыштары, адашуулары же касташуулары кыйыр түрдө, алыстан угулган жаңырык катары кээ бир коомдук, турмуштук окуялар менен үндөшүп тургансыйт. Анткени чыгармада мындан төрт жүз-беш жүз жыл мурда болгон окуялар сүрөттөлсө да, автор ал окуяларды бүгүнкү күндүн түшүнүүсү, туюусу, аңдап билүүсү аркылуу өткөрүүгө аракет кылган дейли. Мындай процесс, мындай аракет атайылап, аң-сезимдүү формада жасалбаса да, стихиялуу түрдө жазуучунун интуициясы, ой жүгүртүү өзгөчөлүгү аркылуу жасала берген деп айтууга негиз бар. Бул өңдүү ой жүгүртүү, ойлоо жөндөмү кээде автордун эркинен тышкары, аң-сезимдин “автономиялуу” түрдө көрүнгөн, жашаган “каналдары” аркылуу стихиялуу түрдө көрүлө, туюла бериши ыктымал.


“Хан Тейиш” тарыхый романынын философиялык-эстетикалык масштабдуулугун, идеялык-көркөмдүк тереңдигин шарттап турган чыгармачылык факторлордун айрымдарын атай кетели. Романдын мазмуну кириш сөздө белгиленгендей, негизинен, “жунгар-ойрот жапырыгынын” рамкасы менен чектелгендигине карабастан тарыхый окуялардын, эл турмушунун айрым учурларда майда баратына чейин сүрөттөлүшү, башка элдердин үрп-адаттарында кездешкен кээ бир ырым-жырым, каада-салттар менен үн алышып турганы кызык.


Романдын каармандарынын бири тарыхый инсан Көкүм хан өлгөндө Самансур деген манаптын буйругу менен “Көкүмдүн каралуу аялдарына бетин тытууга уруксат берилбейт”. (123-бет). Аза күтүү расмисиндеги мындай жөрөлгө айрым элдердин да ырым-жырымдарында болгон экен. Айталы, биздин эрага чейинки 965-928-жылдары Израиль-Иудеанын падышасы Соломон киши каза болгондо анын жакындарынын бетин тытууга, ашкере аза күтүүгө тыюу салганы буга мисал. Ошол эле тарыхый мезгилдин аралыгында Байыркы Египетте да фараондор каза болгондо алардын жакындарына аза күтүүгө, беттерин тытууга катуу тыюу салынган. Ушуга окшогон фактылар Асанбек Стамовдун образдуу ой жүгүртүүлөрү дүйнөлүк адабияттын булактарын жакшы пайдалануу менен өскөнүнөн кабар берип турат. Көңүлгө ала турган дагы бир чыгармачылык фактор, жагдай, романда айкындалгандай, илгери кыргыздар жунгар-калмактар менен жер, жайыт үчүн согушуп, ошол эле мезгилде алар менен жакшы мамиледе болууну да унутушкан эмес. Казактар менен болгон карым-катнаш, тууганчылык, бирине-бири жардамдашуу актылары романда кызыктуу берилет. Алтургай кыргыздар менен орустардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү этабы, башаты дал ошол Хан Тейиштин доорунда эле башталганы романда кабарланат.


Ошентип, жазуучу А.Стамов “Жортуул”, “Хан Тейиш” романдарына (өзү эскерткендей) кыргыздын качанкы өткөн турмушун, андагы тарыхый окуяларды бурмалабай, бирок көркөм каражаттардын жардамы менен реалдуу чагылдырууга аракет жасап, ийгилик жараткан. Тарыхый рамандын ички спецификасы ушунда – элдин, улуттун өткөндөгү турмушун, андагы тарыхый окуяларды, тарыхый инсандар ишмердигин бурмалабай, көркөм чыгарманын жанрдык өзгөчөлүгүнө жараша реализациялоо башкы маселе. Кыргыз улуттук адабиятында тарыхый жанрдагы чыгармаларга карата олуттуу мамиле кошуна жашаган башка улуттардан кыйла айырмаланып турары А.Стамовдун биз кыска сөз кылган романдарынан да таасын көрүнүп турат. Кай жагынан алсак да, Асанбек Стамовдун кыргыз прозасына, анын ичинде тарыхый романиститкасына өчпөс из, көөнөрбөс мурас калтырган калемгер экендиги талашсыз.



Али Турдугулов, филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн