Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Асель Кадырбекова аз-аздан өзүнө келе баштады

03.07.2020 13:47
1316
Асель Кадырбекова аз-аздан өзүнө келе баштады


Ырчы Асель Кадырбекова көзүн ачып, тамак иче баштады. Бул тууралуу академик Сабыр Жумабеков “Коом press” сайтына билдирген.


Анын айтымында, ырчы комадан чыга элек, бирок медициналык тил менен айтканда “сопор” абалына келди.


Көзүн ачып, тамак иче баштады. “Тилиң, мурдүң кана?” - десек көрсөтүп жатат. Биз анын сакайып кетүүсүнө болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Элдин дубасы, дарыгерлердин аракети менен аз-аздан өзүнө келе баштады. Бутуна туруп, элге, үй-бүлөсүнө аралашуусун каалайбыз”, - деди Жумабеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн