Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Асел Кадырбекова бир аздан сүйлөп баштады, - Сабырбек Жумабеков

07.07.2020 12:04
1779
Асел Кадырбекова бир аздан сүйлөп баштады, - Сабырбек Жумабеков


Ырчы Асел Кадырбекова жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.


"Ырчынын абалы оор, бирок туруктуу. Бир аздан сүйлөп баштады. Ал көбүнчө уктап жатат. Жылыш бар. Биз аны жандандыруу бөлүмүнөн өзүнчө палатага котордук. Жанында апасы бар. Кадырбекова апасын жана башка адамдарды тааный баштады", - деди Жумабеков.


Белгилей кетсек, Асель Кадырбекова 26-июнда саат 15:45 чамаларында жол кырсыгына кабылган. Анда 25 жаштагы О.М. аттуу жаран "Хонда Одиссей" унаасын Тыныстанов көчөсү менен айдап бара жатып, Медеров көчөсүнүн кесилишинен "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен "Тойота Камри" унаасынын айдоочусу Кадырбекова  Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.


"Хонда Одиссей" унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган О.М. дагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ушул эле унаанын жүргүнчүсү, 1994-жылы туулган К.О. Улуттук госпиталга жеткирилген.


Ал эми жол кырсыгын жараткан деп шектелген 25 жаштагы О.М. Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн