Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:01
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсык боюнча соттун чечими чыкты

30.06.2020 15:02
1680
Ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсык боюнча соттун чечими чыкты

 

Ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгы боюнча Свердлов райондук соту тарабынан чечим чыкты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 297-берене (автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.


Автокырсык 26-июнда саат 15:45 чамаларында катталган. Анда 25 жаштагы О.М. аттуу жаран "Хонда Одиссей" унаасын Тыныстанов көчөсү менен айдап барып жатып, Медеров көчөсүнүн кесилишинен "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен "Тойота Камри" унаасынын айдоочусу 1991-жылы туулган А.К.  Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.


"Хонда Одиссей" унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган О.М. дагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ал эми ушул эле унаанын жүргүнчүсү, 1994-жылы туулган К.О. Улуттук госпиталга жеткирилген.


Ал эми жол кырсыгын жараткан деп шектелген 25 жаштагы О.М. Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыккан.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн