Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Асел Кодуранова: Иса Өмүркулов мыйзамсыз түрдө лидерликти Бакировго таштап кетти

05.06.2021 07:32
1814
Асел Кодуранова: Иса Өмүркулов мыйзамсыз түрдө лидерликти Бакировго таштап кетти



Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго өткөрүп бергени мыйзамсыз экенин билдирди.


“Фракцияны чогултуп, анан убактылуу лидерди шайлайлы деш керек эле. Иса Өмүркулов 2020-жылы парламенттик шайлоонун астында "КСДП партиясынан чыктым" деп арыз жазган. Арыздын түп нускасы бар. Анын фракция лидерлигинин мыйзамдуу экени талаштуу. Фракция лидерлигинен кетсе орун басарына өтүш керек болчу. Орун басары Төрөбай Зулпукаров, ал камакта. Ошондуктан фракциянын депутаттарын чогултуп, анан лидерди же убактылуу лидерди шайлашыбыз керек болчу. Эч кимге айтпай-дебей Өмүрбек Бакировго таштап кетиптир. Бакировго каршылыгым жок, бирок бул мыйзамсыз чечим болду”, -деди Кодуранова.


Депутат Иса Өмүркулов чет өлкөгө узак убакытка дарылануу үчүн кетип жатканына байланыштуу фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын лидерлигин убактылуу “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловаго өткөрүп бергени тууралуу КСДП фракциясынын депутаттарына кат жолдогону белгилүү болду.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн