Теке 03, 2024
Убакыт: 00:56
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Асел Ногойбаева: “Жан чыдагыс азап тарттым, мындай тагдыр кайталанбасын...”

01.03.2024 10:26
323
Асел Ногойбаева: “Жан чыдагыс азап тарттым, мындай тагдыр кайталанбасын...”


- Асел, өткөндө “Кыргызстанда жашагандан кооптоном. Мыкаачылык аракетте кулагымды, мурдумду кескен адам 20 жылга камалганы менен амнистияга туш болуп чыгып кетиши мүмкүн” деген оюңду билдирдиң. Ал эркиндикке чыгары менен сага дагы кол салышы мүмкүнбү?


- Албетте, ал камактан чыкса, түз эле мага келет. 20 жылга кесилгени менен ар кайсы шылтоо менен амнистияга илинип калсачы?.. Убакыт өтөт, эл деле мени унутат. А мен ал зөөкүрдүн курмандыгы болгум келбейт. Ошон үчүн Кыргызстанда калгандан кооптоном. Себеби, ал жасаган мыкаачылыгына, кылмышына өкүнбөйт. Керек болсо “мен сага талак берген жокмун. Сен меникисиң. Экөөбүз эки дүйнөдө тең бир болобуз. Башкага кетип калсаң, сени таарынтып коюшум мүмкүн” деген смстерди жазып, “пахта менен мууздап” жатат. Чынында мындай мыкаачылык жасаган адамга 20 жыл аз. Өмүр бою кесилсе болмок. “2 миллион төлөсүн” дегени да аз. Ал андай акчаны эч качан төлөй албайт. Андан көрө моралдык, материалдык чыгымды эсептеп бербесе да, 10 миллион деп койсо болмок.


Соттор жан тарткан деле жок. Керек болсо адвокаты деле аргасыз жүргөнүн уктум. Мыйзамдар гумандашып кеткени үчүн мага жасаган зөөкүрлүгүнө 15 гана жыл берилиптир. Мурунку кылмыш иши үчүн 8 жыл беришкен. Экөөнү бириктирип, 20 жылга тоголоктоп коюшту. Жок дегенде мурунку 8, азыркы 15 жылды кошуп, 23 жылга соттошсо болмок. 


- Бир камалганында апасы “мени карар киши жок” деп кайрылып, эркиндикке чыгышына шарт түзүптүр. Апасы чын эле Азаматтын кароосуна муктажбы?


- Апасынын эки көзү тең көрбөгөнү чын, бирок ал Азаматтын кароосуна муктаж эмес. Азамат динге берилген адамдай таасир калтырганы менен апасын сөгүп, тилдеп, түртөт. Керек болсо кол да көтөрөт. Апасын Азамат эмес, иниси карайт. Ал улуусу болгону менен кайдыгер. Апасынын абалы аны кызыктырбайт дагы. 


- Шымын булгап койгону чын эле психикалык жактан жабыркаганыбы же аянычтуу көрүнгөнгө жасаган аракетиби?


- Мен муну менен биринчи жолу соттошуп жаткан жокмун да. Бул артист. Сот башталганда эле момун мусулмандын маскасын кийет же жинди болумуш болуп, “мага жетишпейт, дарыланышым керек” дейт. Шымын деле ошондой ойдо булгады. Чынында мунун мээси балекеттей эле иштейт. Болгону, ошону туура иштете албайт.


- Кайын журтуң акыбалыңды сурап, кандайдыр бир колдоо көрсөттүбү?


- Мага келип, эч кимиси акыбалымды сурап, моралдык дагы, материалдык дагы жардам көрсөтүшкөн жок. Агама чалып, “биз Асел тараптыкпыз” дешиптир.


- Ал чын эле динчилби? “Паранжы жамын” деген чектөөлөрдү койгон эмес беле?


- Кайсы агымга мүчө экенин билбейм, бирок “жерге отуруп тамак же. Тамакты кашык менен эмес, колуң менен же. Иштебей үйдө отур. Бүгүн табылган бир нанга тобоо кыл. Шүгүр де. Башканы ойлонбо” деген кызыктай адаттары бар болчу. Эң жаманы “балдарды мектепке окутпайбыз, медресеге окуйт” дегени болду. 


- Балдарың медреседе окудубу?


- Жок, улуусу көгөрүп мектепте окуду. Кичүүсүн мектепке да, медресеге да бербей, үйдө камады. 


- Зөөкүргө кантип турмушка чыгып калдың?


- Мен окууну бүтөр замат, курстардан билим алып, иштей баштадым. Иштеп жүргөн мезгилде тааныштым. Алты ай сүйлөшүп жүрдүк. Бир да жаман сапатын көрсөткөн жок. Тириликке тың, намаз окуган, күйүмдүү баладай таасир калтырды. Турмуш курдук. Биринчи балам төрөлгөндө колу да, тили дагы тийди. “Аял чыдаш керек, көтөрүмдүү болуш керек” деген ой менен чыдап жашадым. Жетишпеген жашоону баштан өткөрө баштадык. “Иштеп акча табайын” десем, “эркектердин чачын кыркпайсың” деген талап коё баштады. Акырында “иштебей үйдө отурасың” деди. Айтор, түрдүү кысымдарга кабылдым. Конокко барбайбыз, же үйгө конок тоспойбуз. Элге аралашпаган бир кызыктай жашоону баштан кечире баштадым. 12 жыл жашадым. Акыры бул мени оңой эле коё бербесине көзүм жетип, жашоого мүмкүн болбой калганда “ажыраштым” деп Италиядагы агама кетип калдым. Себеби, Кыргызстанда калып калсам, ал мени ошондо эле ушинтип кескилеп, көзүмдү оюп, жиликтеп салмак.


- Сен Италияга кеткенде балдар атасы менен калды беле?


- Ооба. Агам “балдарды кошо алып кел” дегени менен Кыргызстандан кетишине ал макул болуп кол коюп бермек эмес. Ошон үчүн балдарымды таштап кетүүгө аргасыз болгом. Италияда 3 жыл 8 ай иштедим. Ай сайын балдарымдын зарылчылыгына жараша акча салып турдум. Балдарым эч нерседен кем болбосун дедим. Кыргызстанга келгенде “балдар сени сагынды. Сени менен жашасын” деп берди. Мен дагы “каалаган күнү көрүп тур. Балдарды бактың” деп жакшынакай эле сүйлөштүк. Мен мыйзамдуу жол менен ажырашууга арыз таштадым. Ал артымдан аңдып, көчөдөн көргөндө колу тийип, сөгүп кетип, жумушума барып ызы-чуу салып, тоскоолдук жаратып, психологиялык кысым кыла баштады. Жыйынтыгы мага кол салды.


Чынында мен жан чыдагыс азаптарды тарттым. Кесилген жерлеримдин ооруганына чыдабай, “ушундан көрө өлүп калсам болмок” деп ыйлаган күндөрүм болду. Мен баштапкы келбетиме келиш үчүн дагы канча азап тартарым белгисиз. Операция да бетимдин териси жумшаргандан кийин болот экен. Ага канча сом сарпталары, бетимдин териси качан даяр болорун да билбейм. Мендей эч ким азап тартпасын, мындай тагдыр кайталанбасын...


- Сен аянычтуу окуянын каарманы болдуң. Өкүнүчтүүсү, Афганистанда болгон окуя, Кыргызстандын борборунда кайталанды. Аман калганың үчүн кимдерге ыраазычылык айткың келет?


- Эң биринчи милицияны чакырган кошунама ыраазымын. Ошол милиция чакырбаганда көзүмдү оюп, жиликтеп салмак. Анан жылуу сөзүн айтып, амандыгымды тилеп, моралдык да, материалдык дагы колдоо көрсөткөн элиме, туугандарыма, алыстагы жумушун таштап келген жакындарыма ыраазымын. Жалгыз эмес экенимди сездим. Оор мезгилде жанымда болгондордун баарына ыраазымын.


- Мындан аркы кадамың кандай болот?


- Жашагым келет. Мен да балдарымдын жакшылыгын көрүп, бактылуу өмүр сүрүп, жашоомду өзгөрткүм келет. Мендей кор болгон аялдарга жардам бергим келет. Кээде ал камактан чыккан күнүн элестетип, корком. Азыр оюмду жыйынтыктап, чечим кабыл ала элекмин.


Бирок, зөөкүрлүктөн жапа чеккен жалгыз мен эле эмес экенмин. Мага туш-тараптан чалуу болуп, жардам сураган аялдар көп болду. “Алсыз болсом, менден да жардам күткөндөр бар тура” деп ыйлап, бирок чыйралдым. Адвокатымдын, психологдордун номерлерин берип, бир топ аялзатына колдоо көрсөттүм. Башыңдан оор нерсе өткөндөн кийин жардам сурап кайрылгандардын абалына кайдыгер карай албай, баарын жүрөгүң менен кабыл алып калат экенсиң. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн