Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 00:33
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Ашыкча жүк менен асфальт жолго чыккандарга айып салынат, - министрлик

05.02.2025 13:08
99
Ашыкча жүк менен асфальт жолго чыккандарга айып салынат, - министрлик


Ашыкча жүк менен асфальт жолго чыккандарга айып салынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз улантууда.


Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу оор жүк ташыган унаалардын ашыкча жүгү аныкталса, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) тиешелүү протоколдор толтурулуп, жеке жактарга 17500 сом, юридикалык жактарга 55000 сом айып пул салынарын эскертет.


Белгилей кетсек, транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн