15-август күнү ойгонгонумда, менин акыркы президенттик күнүм экенин билген эмесмин. Мындай пикирин Афганистандын мурдагы президенти Ашраф Гани БИ-БИ-СИге берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ал Кабулду сактап калуу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен.
"Мен окуя мынчалык тез өзгөрөт деп ойлогон эмесмин. 15-август күнү ойгонгонумда, менин акыркы президенттик күнүм экенин билген эмесмин.
Мен кетпей каршылык көрсөтсөм болмок, бирок шаар жана жай тургундар андан көп зыян тартмак. Ошондуктан, Өзбекстан аркылуу БАЭге кетүүгө мажбур болдум",- деди Ашраф Гани.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн