Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Asia Mall соода борборунда ишкердин унаасына коюлган жардыруучу зат колдонууга жараксыз экендиги аныкталды

27.08.2022 16:52
442
Asia Mall соода борборунда ишкердин унаасына коюлган жардыруучу зат колдонууга жараксыз экендиги аныкталды

Бишкек шаарындагы "Азия Молл" соода борборунда ишкер Илгиз Шаменовдун унаасына коюлган жардыруучу зат колдонууга жараксыз болуп табылды. Бул туурасында  Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин белгилүү болгондой, 2022-жылдын 11-август күнү болжол менен саат 13:55 чамасында "Азия Молл" соода борборунун жер төлөсүндө "Тойота Камри" маркасындагы автоунаасынын алдынан  РМД-5 гранатасына окшош металл буюм табылган жана глушителине зым менен бекитилгенлиги аныкталган.


Изилдөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык РМД-5 гранатасынын корпусу жана УЗРГМ от алдыруу: күжүрмөн, ок-дары болуп саналат, конструкцияда тротил жана тетрил жарылуучу заттар бар, заводдук ыкма менен даярдалган, кайра заряддалууга дуушар болгон эмес, бирок колдонууга жараксыз, сыноолордо "баш тартуу" берилген. Башкача айтканда, граната күжүрмөн аракетке келтирилиши мүмкүн эмес, буга байланыштуу бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин ( Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган зарыл тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча процесстик чечим кабыл алынат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн