Ысык-Көл биосфералык аймагына бүгүнкү күндө канча адам кирип, канча адам чыгып жатат, так көзөмөл болуш керек. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Асылбек Жээнбеков билдирди.
“Кудайдан кыргыз элине берилген эң чоң дөөлөт, береке – бул Ысык-Көл. Аны сакташ үчүн экологиялык пост керек. Ысык-Көлдүн аймагына мынча киши келди, мынча киши чыкты деп адамдардын санын эле эсептебей, албетте биосфералык аймакка күч келүү жагдайын да караш керек”, - деди депутат.
Ал кошумчалагандай, экинчи жагынан каражат түшүрүү маселесин көңүлгө алуу зарыл. Түшкөн каражаттар келтирилген зыянын азайтууга жумшалышы шарт. “Андыктан кирген адамдар боюнча так көзөмөл уюштуруу маанилүү”, - деди ал.
Пикирлер (4)