Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Асылбек Жээнбеков Оштогу 1100 үй-бүлөгө гуманитардык жардам таратты

27.04.2020 10:53
2156
Асылбек Жээнбеков Оштогу 1100 үй-бүлөгө гуманитардык жардам таратты

25-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламент депутаты Асылбек Жээнбековдун атынан Ош шаарындагы 1100 үй-бүлөгө гуманитардык жардам таратылды. Бул тууралуу Оштогу журналист Жылдыз Капарова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады. Анын айтымында, жарандардын тизмелери кварталдык комитеттер тарабынан такталып, буга чейин жардам ала элек чыныгы муктаждарга азык-түлүк жеткирилген.


“Тизме кварталдык комитеттер тарабынан такталып, мурда жардам ала элек, азык-түлүккө муктаж болгондор алып жатат. Ар бир аймактык башкармалыкта тегиз таркатылды. Гуманитардык баштыкта 25 кг ун, 3 кг күрүч, 2 кг кант, 2 литр май, 2 таңгак чай, туз жана макарон бар экен. Эл өкүлү кайрымдуулук иштерин буга чейин райондордо активдүү жүргүзүп жатат деп уккан элем. Чын пейилден элге камкордук кылса, аны кубаттап, ыраазычылык билдирүү бизден, элден болсун”, - дейт ал.


Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу А.Жээнбековдун Кара-Кулжа районундагы 4 миң үй-бүлөгө 200 тонна ун, 20 тонна суу май таратып, коронавируска каршы күрөшүү фондуна 1 млн. сом которгонун маалымдаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн