15-марттан 20-мартка чейин Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүдө.
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков да Кара-Кулжа районунда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Эл өкүлү жолугушуу алкагында жакында эски мектеби өрттөнүп кеткен Буйга айылынын жашоочулары менен да жолугушуп, алардын маселелери менен таанышып кайтты.
Маалымат үчүн: Буйга айылындагы Ж.Абидинов атындагы эски мектеп 1982-жылы курулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн