Бишкек шаардык соту депутат Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды кароону кийинкиге калтырды. Соттук отурумду Ирина Воронцова алып барган.
Адвокат Давран Касымовдун айтымында, Жээнбековдун келбей калгандыгына байланыштуу, отурум 23-июнга жылдырылган.
Эске салсак, Асылбек Жээнбеков Кумтөр иши боюнча 31-майда УКМК тарабынан кармалып, 2 айга камакка алынган болчу. Жактоочулары депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү максатында Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан болчу. Отурум бүгүн, 18-июнда өтмөк.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн