Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Асылбек Жээнбековду колдогон тынчтык митинги өтүүдө

23.06.2021 12:38
1056
Асылбек Жээнбековду колдогон тынчтык митинги өтүүдө


Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык сотунун алдында ЖК депутаты Асылбек Жээнбековду колдогон тынчтык митинги өтүп жатат. Бул тууралуу эл өкүлүнүн тарапташтары билдиришти.


Маалыматка ылайык, 500гө чукул адам чогулган. Алар соттон баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып жатышат.


Эскерте кетсек, Асылбек Жээнбеков 31-майда УКМК тарабынан "Кумтөр" иши боюнча Биринчи май райондук соту 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бул чечимге нааразы болгон тарап Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылып, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сураган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гульмира
Адилеттуу чечим кабыл алынат деп ишенебиз!