Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Асылбек Жээнбековдун “Кумтөр” маселесине аралашпаганын далилдеген чындык

23.09.2021 22:12
2587
Асылбек Жээнбековдун “Кумтөр” маселесине аралашпаганын далилдеген чындык


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жай мезгилинде “Кумтөр” боюнча тергөөнүн баштапкы жыйынтыктарын чыгарып, Министрлер кабинетин кенге байланыштуу бардык келишимдерди денонсациялоого чакырган. Коопсуздук комитет канадалык компания менен түзүлгөн документтердин баарын мыйзамсыз деп тапкан болчу. Мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаев баштаган бир катар аткаминерлерге айып тагылган.  



“Кумтөр” иши боюнча мекеме аралык тергөө тобунун ишинин алгачкы маалыматтары ошол кезде белгилүү болгон. Кылмыш иштин алкагында Кумтөр долбоорунун хронологиясынын бардык этаптары иликтенип, коррупциялык эпизоддор аныкталганы маалымдалган эле. Экинчи эпизоддо 2003-жылы “Камеко” менен башкы келишимди реструктуризациялоодо коррупция болуп, анын жыйынтыгында Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 25,7% (7,3 млрд. сом) төмөн бааланып калганын, буга жоопкер катары коррупция менен Аскар Акаевге сыртынан айып тагылган болчу. Айып тагылган, Кыргызстанга 7,3 млрд сом зыян келтирди делген Акаев өлкөгө кандай абал менен келип кеткенин баарыбыз жакшы билебиз. 


Төртүнчү эпизод катары, 2012-жылкы чечимге байланыштуу байланыштуу “Кыргызстандын “Центерра” компаниясы менен кызматташуусунун жаңы шарттарын карап чыгууга тоскоол болгон” деген жүйө менен экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбековго, депутат Төрөбай Зулпукаровго, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго, экс-депутаттар Исхак Пирматовго, Талант Узакбаевге, Алмаз Батырбековго, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаевге, өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошевага айып тагылган. Бирок, Узакбаев, Батырбеков, Молдошева эркиндикке чыккан.Өмүрбек Бабанов дагы ден соолугуна байланыштуу үйүндө. Жээнбеков менен Зулпукаров гана темир тор артында олтурат. 


2012-жылы “Кыргызстандын “Центерра” компаниясы менен кызматташуусунун жаңы шарттарын карап чыгуу” деген чечим же токтом болгонбу? Биринчи кезекте ушул маселеге көңүл буруу зарыл. 2012-жылы “Кумтөр” маселесин иликтеген убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, отчёту гана каралган. “Кызматташуунун жаңы шарттарын карап чыгуу” деген чечим болгон эмес. Бул биринчиден. Экинчиден, кызматташуунун жаңы шарттарын карап чыгуу, келишим түзүү парламенттин укугуна кирбейт. Андай укук Аткаруу бийлигинде. Өкмөт жаңы шарттарды карап, келишимди түзө алмак. Ушунун өзү төртүнчү эпизод деп табылган жагдай мыйзамсыз экенин далилдейт.


Туура, “Кумтөр” боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчёту каралган кезде Асылбек Жээнбеков парламент төрагасы болчу. Комиссиянын токтому депутаттардын колдоосуна ээ болбой калган. Парламенттин табияты ушундай, сунушту кээде колдойт, кээ бир учурда жактырбайт. Сунуш үчүн депутатты айыптоо, камакка алуу мыйзамды сыйлаган, демократиялык өлкөлөрдө жат көрүнүш. Мындай абал чоң ызы-чууга айланат.


Эгер, Асылбек Жээнбеков төрага катары комиссиянын токтомуна каршы болуп, башка токтомду иштеп чыгууга буйрук берген деп айыпталган болсо, ал дагы суу кечпейт. Анткени, анын андай ишке аралашпаганын жыйындын стенограммалары тастыктайт.


Парламент депутаттык комиссиянын отчётун угуп, токтомду кабыл алууга келгенде кызыл чеке болушкан. Фракциялардан, коалиция тараптан сунушталган токтомдордун саны бешке жеткен. Фракция лидерлери сүйлөшүп, бир токтомдун варианты алып чыгуу тууралуу дагы сүйлөшүшкөн. Бул тууралуу депутат Канат Исаев мындай дейт:


Стенограмма 22-июнь 2012-жыл (Кезексиз чакырылган жыйын)


К. Исаев. Урматтуу Асилбек Шарипович, комиссиянын долбоорун сиз добушка койсоңуз. Анан жанагы Карганбек Садыкович айтып жатпайбы, коалициялык эмес деп. Биз лидер фракциялар сүйлөштүк. Эгерде комиссиянын долбоору өтпөй турган болсо биз согласованный вариант кылып, анткени жанагы биринчи долбоорго дагы “Ата-Мекен” өзүнүн сунушун берди, СДПК дагы өзүнүн сунушун берип жатат, ар бир фракцияга ошого оппозициядан дагы кошуп туруп согласованный вариант чыгаралы деп лидер фракциялар сүйлөшүлгөн. Ошол себептен мен ойлойм, азыр комиссияныкын добушка койсок, эгерде өтпөй калса, анда ар бир фракциянын сунуштарын эске алып туруп, согласованный вариант чыгарат элек, комитеттерге тапшырма берсеңиз, свод чыгарса ТЭК менен тигил экология комитети. Ошого ар бир фракция сунуштарын берсе, свод чыгарып туруп анан согласованный вариант анан чыгарат элек. (87-бет)


Канат Исаевдин ушул сөзү төрага Асылбек Жээнбеков токтомду иштеп чыгуу үчүн бир дагы комитетке тапшырма бербегенин ырастайт. Тескерисинче, депутаттардан чогуу олтуруп, бир токтом чыгаралы деген сунуш түшкөн.


Камчыбек Ташиев дагы баарыбыз биригип, бир токтом жасайлы деген пикирде болгон.


Стенограмма 22-июнь 2012-жыл (Кезексиз чакырылган жыйын)


К. Ташиев. Баардыгыбыз биригип, бир токтом жасайлы. Мен айтпаймын комиссиянын токтому өтө идеальный, өтө сонун деп. Бирок ошол эле мезгилде биз комиссиянын токтомун негиз катары кабыл алып туруп, андан кийин ошол токтомдо туура эмес жерлерин азайтып, Өкмөттүн сунушу менен, андан кийин ошол комиссиянын мүчөлөрү менен чогулуп туруп, дагы бир жесткий бир токтом кабыл алып чыгышыбыз керек деп ойлойм, урматтуу туугандар. Рахмат. (91-бет)


Камчыбек Ташиев өзү ушул сөзүндө “Өкмөттүн сунушу менен” деген сөздү белгилеп жатат. Анткени, келишимди түзүү, кайра карап чыгуу Өкмөттүн функциясы болгон.


Азыр төрага Асылбек Жээнбеков гана күнөөлүү, калгандары сүттөн ак болуп чыга келүүдө. Жээнбеков жыйынды Регламенттин чегинде иш алып барганын, К. Ташиев баштаган депутаттардын берген сунуштарындай, комиссиянын долбоорун негиз катары добушка койгонго аракет жасаган.


Стенограмма 22-июнь 2012-жыл (Кезексиз чакырылган жыйын)


А. Жээнбеков. Урматтуу депутаттар, мен Регламент боюнча кетем. Комиссиянын, Канат Кедейкановичтин сөзүн уктуңуздар, туурабы. Канат Кедейканович, лидер фракциялар ушинтип сүйлөштүк деп айтты өздөрү. Азыр төрт долбоор эмес дейт комиссиянын долбоору ал өтпөй калса анда комитетке тапшырабыз дагы, комитет бардык долбоорлордон бир долбоор кылып чыгарат. Макулсуздарбы. Макул. Мен комиссиянын, урматтуу депутаттар угуңуздар анан укпай калдык деп жүрбөңүздөр. Комиссиянын долбоорун негиз катары добушка коём. Добуш бериңиздер. Добуш берүүнү токтотуп туруңуздар. Урматтуу депутаттар, жакшылып угуп алыңыздар. Регламент боюнча мен комиссиянын долбоорун негиз катары добушка коём. Добуш бериңиздер. Дагы токтотуп тургула, эй канча жолу айтам мен токтотуп тургула. Данияр Тербишалиев уккула да канча жолу айтам мен. 2-микрофон. (96-бет)


Бул далил Жээнбеков жыйынды кынтыксыз алып барганын далилдейт. Ушул учурда Төрөбай Зулпукаров СДПК фракциясынын атынан 10 мүнөттүк танапис сурайт.


Танапис бүткөндөн кийин фракциянын жетекчилери консультацияны бүткөнүн, Садыр Жапаров баштаган комиссиянын мүчөлөрү менен сүйлөшүлгөнү, токтомду бардык сунуштарды, долбоорлорду эске алуу менен Агардык саясат боюнча комитет комиссиянын мүчөлөрү менен фракциялар сунуштаган депутаттар чогуу толук бир вариант кылып алып чыгууга токтолгону белгилүү болот. Мындай сүйлөшүүгө Садыр Жапаров өзү дагы макул болот. Баардык комитеттердин катышуусу менен бир долбоор иштелип чыгуу сунушу добушка коюлуп, 91 депутат “Макул” деп добуш берген. Мына мекендеш, ушул жерде Асылбек Жээнбековдун күнөөсү бар, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштеген деп айтууга негиз барбы?


2012-жылдын 27-июнунда токтомго добуш берилген. Ушул күнү комиссиянын төрагасы Садыр Жапаровдун айткан сөзүн эч ким эске албай жатат. Жапаров ал күнү “Ашыкча болбос деген ой менен үч комитетти карагыла дегенбиз. Мен Бакыт Эргешович Төрөбаевден суранып, Сиз ушул МПА менен жүргөнсүз урматтуу төрага, комитеттер дагы карап койсун, мындай расширенный талкуу болсун деп өткөзгөнбүз.” – деп сүйлөгөн. Демек, маселе комитеттерде каралган учурда Асылбек Жээнбеков МПА менен жүрүп, аралашкан дагы эмес. Бул дагы Жээнбеков “Кумтөр” чуусуна жакын жолобогонунун бир далили. Чындыкты эч ким тарых барагынан сызып коё алган эмес. Асылбек Жээнбеков  “Кумтөр” маселеси боюнча ак экени да чындык. Учуру келгенде Шариповичтин калыстыгы, акыйкаттуулугуна баа берилет.  


Гулзар Абдимиталипова

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Венера Сабирова
Свободу А. С. Жээнбекова!
Айлин
А.Жээнбековтун куноосу жок экендигин далилдеп турат бул пост.
Гулкан
Асилбек Шарипович ээн таза инсан жана кучтуу саясатчы, боштондук