Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы спикер Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгаруу өтүнүчү боюнча кайрылууга 81 депутат кол койду. Бул тууралуу "Кактус.медиа" кабарлады.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин 81 депутаты Асылбек Жээнбековдун үй камагына бошотулушуна макул деп койгон.
Депутаттар Асылбек Жээнбековду кармоодо азыркы Конституция одоно бузулганын билдирген.
Эске салсак, буга чейин 74 депутат Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кайрылууга кол койгон.
Пикирлер (2)