Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:37
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Асылбек Жээнбековдун кызы: Атам бизди жан дүйнөнү бай тутууга жана жөнөкөйлүккө тарбиялады

15.06.2021 09:22
2329
Асылбек Жээнбековдун кызы: Атам бизди жан дүйнөнү бай тутууга жана жөнөкөйлүккө тарбиялады


Атам бизди жан дүйнөнү таза сактоого жана жөнөкөй болууга тарбиялады. Мындай пикирини Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун кенже кызы социалдык тармактагы баракчасына жазды. 


Жээнбековдун кызы жай турмушта карапайым калк сыяктуу эле жашай турганын жана атасы тууралуу айткан.


"Бир жума мурун атам экөөбүз, ал мени кантип тосуп аларын жана өзүмдүн мекеним Кыргызстанга  барарымды пландап койгонбуз. Мага бала кезден жаратылышты сүйүүгө жана урматтоого үйрөткөн атам кесибимди да чогуу тандашты. Саякаттан жакын досторум менен кайтып келсем атам үйдө жок. Эне жылуу үй болсо, ата дүйнөгө кантип туура жол табууну үйрөткөн адам. Бир ата жүз мугалимден артык деп ишенимдүү айта алам. Менин оюмча, дээрлик баары күмөнү жок атасын мыкты деп айтат! Мен дагы. Адам үй-бүлөсүнөн баалуулуктарды үйрөнүп, ошондой калыптанат. Ал эми атам бизди ар дайым жөнөкөйлүккө, адептүүлүккө жана башкаларды урматтоого үйрөттү. Ал саясатка келгенге чейин отуз жыл мурун бизнес менен алектенген. Анын байлыгы мындан көбөйүп кетпегенин көрүп турам жана билем. Менин атам, атамдын атасы жана чоң аталарынын баары ийгиликтүү болушкан. Атам бизди акчага байланып калбоого үйрөтүп, аркы дүйнөдө ар бир тапкан нерсебиз үчүн жооп беребиз деп айтат. Биз коомдук транспорттордо жүрөбүз, өзүбүз тамак жасайбыз, конокторду тособуз, кадимкидей эле иштерди жасайбыз. Башка адамдар ойлогондой жашабайбыз. Чоң атам балдарын ушундай тарбиялаган, атам да бизди ушинтип тарбиялап келет. Атам ар кандай эмгек баалуу деп үйрөткөн. Акча жана бийлик туруктуу эмес. Эң маанилүүсү, жан-дүйнөң жана топтогон билимиң. Эки агам жана эки эжем Кыргыз Улуттук университетинде жана Славян университеттерин аяктаган, эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштешпейт, ар ким өз жолу менен кеткен. Мен "Манасты" бүтүрүп, академиялык карьера курууну чечтим. Атама билдирбестен, Санкт-Петербургдагы Ветеринардык медицина университетинин магистратурасына экзамен тапшырып, бюджеттик орунга өтүп кеттим. Илимий эмгектерди жазып, стипендия алам. Билимге алууга умтулган адам кайсы жерден болсо да алат деген атам чет өлкөдө окуума кайдыгер мамиле жасап келген",- деп жазган экс-спикердин кызы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн